Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Медициналык буюмдарды каттоо менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-июлу № 311 Медициналык буюмдарды каттоо менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомунун редакциясына ылайык) "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоо, медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна экспертиза жүргүзүү, Медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү, медициналык буюмдардын номенклатурасын жүргүзүү, медициналык буюмдарды каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, каттоо күбөлүгүнүн колдонулушун токтото туруу тартиби бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша классификациялоо Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы № 173 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша классификациялоо эрежелерине ылайык жүргүзүлө тургандыгы;
- медициналык буюмдардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 27 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча жалпы талаптардын, аларды маркалоо жана алардын эксплуатациялык документтери боюнча талаптарынын 63-пунктунан тышкары, Медициналык буюмдардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча жалпы талаптарга, аларды маркалоо жана алардын эксплуатациялык документтери боюнча талаптарына ылайык коюла тургандыгы;
- медициналык буюмдардын биологиялык таасирин баалоо максатында медициналык буюмдарды сыноо (изилдөө) Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 38 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын биологиялык таасирин баалоо максатында сыноо (изилдөө) эрежелерине ылайык жүргүзүлө тургандыгы;
- медициналык буюмдарды техникалык сыноо (изилдөө) Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 28 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдарды техникалык сыноо эрежелерине ылайык жүргүзүлө тургандыгы;
- медициналык буюмдарды клиникалык жана клиника-лабораториялык сыноо (изилдөө) Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 29 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдарды клиникалык жана клиника-лабораториялык сыноо (изилдөө) эрежелерине ылайык жүргүзүлө тургандыгы.
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 "Медициналык имплантаттардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Медициналык имплантаттардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 14-главасы жана жогоруда аталган Техникалык регламенттин 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 15-главасы жана жогоруда аталган Техникалык регламенттин 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын…Регламент · 05.04.2013 · № 173
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 ""Медициналык имплантаттардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.03.2013 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 311 токтому менен бекитилген "Медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоо, медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына…Порядок · 05.07.2018 · № 311
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 513 "Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү…Постановление · 27.08.2024 · № 513
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын З-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 31.12.2019 · № 739
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 200
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №74 токтому менен бекитилген)Регламент · 01.02.2012 · № 74 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын…Регламент · 05.04.2013 · № 173
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 ""Медициналык имплантаттардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.03.2013 · № 113
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 200
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 166 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын…Постановление · 05.04.2013 · № 173
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 01.02.2012 · № 74 · Күчүн жоготкон