7-статья. Ачык жана жабык коомдор
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
1. Коом ачык же жабык болушу мүмкүн, бул анын уставында жана фирмалык аталышында чагылдырылат.
2. Ачык коом өзү чыгарган акцияларды ачык жайгаштырууга жана ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен аларды эркин сатууга укуктуу. Акциялардын эркин сатылышын чектеген жоболордун уставда каралышы мүмкүн эмес.
Ачык коомдордун акционерлеринин саны чектелбейт. Жабык акционердик коом ачык коом болуп кайра түзүлгөндө жабык коомдо колдонулуучу чектөөнүн жобосу ачык акционердик коомдо жараксыз болот.
3. Жабык коом өзү чыгарган акцияларды ачык жайгаштырууга, дагы башка жол менен аларды сатып алууну адамдардын чексиз чөйрөсүнө сунуш кылууга укуксуз.
Жабык коомдун акционерлеринин саны элүүдөн ашпоого тийиш. Эгерде жабык коомдун акционерлеринин саны ушул пунктта белгиленген чектен ашып кеткен учурда, аталган коом бир жылдын ичинде ачык коомго кайра түзүлүүгө тийиш. Эгерде анын акционерлеринин саны азайбаса, анда коом сот тартибинде жоюлууга тийиш.
4. Жабык акционердик коомдун акционерлери ошол эле коомдун башка акционерлери саткан акцияларды сатып алууда артыкчылык укугуна ээ.
Эгерде акционерлердин эч кимиси жарыя кылынган күндөн тартып беш күндүн ичинде же коомдун уставында каралган башка мөөнөттүн ичинде өзүнүн артыкчылык укугунан пайдалана албаса, же алардын баасы тууралу макулдаша албаса, акционердик коомдун өзү акциялардын ээси менен макулдашылган баада бул акцияларды сатып алууга укуктуу. Акцияны сатып алуудан акционердик коом баш тартканда же алардын баасы боюнча макулдаша албаганда акциялар ар кандай үчүнчү жакка ажыратылып берилиши мүмкүн. Үчүнчү жакка сунуш кылынган баа акционерлерге жана коомдун өзүнө сунуш кылынган баадан кем болбоого тийиш. Андай болбосо бүтүм жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
5. Жабык акционердик коомдун акциялары күрөөгө коюлганда жана кийин жүгүртүлгөндө күрөө кармоочу тарабынан аларга өндүрүп алуу талабы коюлганда ушул статьянын 4-пунктунун эрежеси колдонулат. Бирок күрөө кармоочу акцияларды үчүнчү жакка ажыратып берүүнүн ордуна аны өзүнө калтырууга укуктуу.
6. Жабык коомдун акциялары жеке жактын мураскорлоруна же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционер болуп саналган юридикалык жактын укук мураскоруна өтөт.
7. Мыйзамда белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары уюмдаштыруучу катары чыккан коомдор гана ачык болушу мүмкүн.
II Глава Коомду түзүү жана жоюу
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июлундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз…Постановление · 17.06.2016 · № 334
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 826-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга…Постановление · 29.06.2016 · № 826-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 305 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2019 · № 305 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 305 токтомуПостановление · 20.06.2019 · № 305
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-7" title="7-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>