Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Туунду жана көз каранды коомдор
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2017 года № 154
1. Коом Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактын укугу берилген, ушул Мыйзамга жана дагы башка мыйзамдарга ылайык түзүлгөн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде - эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде башкасы каралбаса, туунду же көз каранды коомдор турган жердеги чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык туунду жана көз каранды коом түзө алат.
2. Эгерде башка (негизги) чарбалык коом (шериктештик) анын уставдык капиталына катышканда басымдуулук кылгандыгынан улам, же алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, болбосо дагы башка жагдайлар менен мындай коом тарабынан кабыл алына турган чечимди аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, туунду коом деп таанылат.
3. Туунду коом негизги коомдун (шериктештиктин) карыздары боюнча жооп бербейт.
Келишим боюнча негизги коом (шериктештик) туунду коом аткарууга милдеттүү болгон мындай көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу мындай көрсөтмө аткаруу үчүн туунду коом тарабынан түзүлгөн бүтүмгө аны менен биргелешип жооп берет. Негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом банкрот (кудуретсиз) болгон учурда негизги коом туунду коомдун карыздары боюнча субсидиардык жоопкерчилик тартат. Негизги коом (шериктештик) өз укуктарын жана (же) мүмкүнчүлүктөрүн туунду коомдун аракеттери аны банкротко (кудуретсиздикке) алып келерин алдынала билип туруп пайдаланган учурда гана, анын кесепетинен негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом банкрот (кудуретсиз) болду деп эсептелинет. Туунду коомдун акционерлери (катышуучулары) негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коомдун тарткан чыгымдарын төлөп берүүнү негизги коомдон (шериктештиктен) талап кылууга укуктуу. Негизги коом (шериктештик) өз укуктарын жана (же) мүмкүнчүлүктөрүн туунду коомдун аракеттери аны банкротко (кудуретсиздикке) алып келерин алдынала билип туруп пайдаланган учурда гана анын кесепетинен негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом (шериктештик) чыгаша тартты деп эсептелинет. Туунду коом негизги коомдун акцияларын сатып ала албайт.
4. Эгерде башка катышуучу коом анын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан көбүрөөгүнө ээ болсо, көз каранды коом деп таанылат. Башка коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан көбүрөөгүн сатып алган коом бул жөнүндө баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте маалыматтарды токтоосуз жарыялоого милдеттүү.
(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча туунду коом (шериктештик) чыгаша тартты деп эсептелинет.
кошулду: Туунду коом негизги коомдун акцияларын сатып ала албайт.
4. Эгерде башка катышуучу коом анын добуш берүүчү акцияларынын 20 … токтоосуз жарыялоого милдеттүү.
(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № алынып салынды: 39 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-6" title="6-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>