Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 мая 2020 года № 252 "О ликвидации Открытого акционерного общества "Национальная управляющая компания"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-05-15.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 252 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-июну № 305 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 140-беренесине, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коому түзүлсүн.
2. "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир акциясы 100 (бир жүз) сом номиналдык наркы менен 100000 (жүз миң) жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир жумалык мөөнөттө:
1) "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
2) "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
3) "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун акцияларын белгиленген тартипте жайгаштырсын;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен биргеликте "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) бир жумалык мөөнөттө "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин макулдугу менен бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 252 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2020 · № 252
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 252 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2020 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15