Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун кворуму
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
1. Эгерде акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата бардыгы болуп коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын 60 пайыздан ашыгына ээ болгон акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталса, акционерлердин жалпы чогулушу чечим кабыл алууга (кворум бар) укуктуу.
2. Добуш берүү үчүн бюллетендерди акционерлерге жөнөткөн учурда (сырттан добуш берүү учурунда) жөнөтүлгөн бюллетендерде сунуш кылынган, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүчү күнгө чейин бир күндөн кечиктирбестен коом тарабынан алынган добуштар кворумду аныктоо жана добуштардын жыйынтыгын чыгаруу учурунда эске алынат.
3. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн кворум жок болгон учурда акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү күнү жарыяланат. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү учурунда күн тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Болбой калган чогулуштун ордуна чакырылган акционерлердин жаңы жалпы чогулушу, эгерде ага катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата бардыгы болуп коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын 40 пайыздан кем болбогон добушуна ээлик кылган акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталса, чечим кабыл алууга укуктуу. Акционерлеринин саны 10 миңден ашкан коомдун уставында болбой калган чогулуштун ордуна акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн азыраак кворум каралышы мүмкүн, бирок ал коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын добушунун 30 пайызынан кем болбойт. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү ушул Мыйзамдын 42-статьясында каралган тартипте ишке ашырылат.
4. Кворум болбой калгандыгына байланыштуу акционерлердин жалпы чогулушун өткөрө турган күн жылдырылган учурда 30 күндөн кечиктирилбестен акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу болгон акционерлер акционерлердин болбой калган жалпы чогулушуна катышуучу акционерлердин тизмесине ылайык аныкталат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-48" title="48-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>