Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
41-статья. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга болгон укук
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси коомдун акционерлеринин реестринин маалыматтарынын негизинде директорлор кеңеши тарабынан белгилене турган күнгө карата түзүлөт.
Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси түзүлүүчү күн акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн мурда жана жалпы чогулушту өткөрүү күнүнө чейин кеминде 30 күн мурда белгилениши мүмкүн эмес. Акционерлердин жалпы чогулушун сырттан добуш берүү жолу менен өткөрүү учурунда кворумду аныктоого жана добуш берүүгө ушул Мыйзамдын 48-статьясынын 2-пунктуна ылайык коом алган бюллетендер катышат, акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси түзүлүүчү күн жалпы чогулушту өткөрө турган күнгө чейин кеминде 45 күн жана 60 күндөн ашыгыраак калганда белгиленет.
2. Жалпы чогулушка катышууга укугу бар акционерлердин тизмесин түзүү үчүн акциялардын номиналдык кармоочусу өзү таламдарын билдирип, акцияга ээ болгон жактар жөнүндөгү маалыматтарды тизме түзүлүүчү күндө берет. Эгерде ал глобалдык депозитардык тил каттардын эмитенти болуп саналса жана депозитардык тил каттардын акыркы ээлеринин маалыматтарына ээ болбосо, ушул талап акциялардын номиналдык кармоочуларына жайылтылбайт. Ушуну менен бирге мындай номиналдык кармоочу баалуу кагаздар боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу менен байланышкан иш-аракеттерди (анын ичинде жалпы чогулушка катышуу укугун) ишеним катсыз эле, ал кызыкчылыгын коргоп акцияларына ээ болгон жактардан алган көрсөтмөлөргө (нускамаларга) ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси ар бир акционердин аты-жөнүн (аталышын), анын дарегин (турган жерин), өзүнө таандык болгон акциялардын саны жана категориясы (тиби) жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт.
4. Акционердин талабы боюнча коом аны акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесине киргизилгендиги тууралу маалыматты ага берүүгө милдеттүү.
5. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесине өзгөртүүлөр төмөнкүдөй учурларда гана киргизилиши мүмкүн:
- аталган тизме түзүлгөн күнгө чейин ага киргизилбеген жактардын бузулган укуктары кайрадан калыбына келтирилгенде;
- аны түзгөн учурдагы кетирилген катаны оңдогондо;
- директорлор кеңеши белгилеген күндөн кийин, бирок акционерлердин чогулушуна чейин добуш берүү укугу бар акцияны сатып алган акционер акционерлердин реестрине киргизилгенде.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болгон жактар жөнүндөгү маалыматтарды тизме түзүлүүчү күндө берет. кошулду: Эгерде ал глобалдык депозитардык тил каттардын эмитенти болуп саналса жана депозитардык тил каттардын акыркы ээлеринин маалыматтарына ээ болбосо, ушул талап акциялардын номиналдык кармоочуларына жайылтылбайт. Ушуну менен бирге мындай номиналдык кармоочу баалуу кагаздар боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу менен байланышкан иш-аракеттерди (анын ичинде жалпы чогулушка катышуу укугун) ишеним катсыз эле, ал кызыкчылыгын коргоп акцияларына ээ болгон жактардан алган көрсөтмөлөргө (нускамаларга) ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу. 3. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин … акцияны сатып алган акционер акционерлердин реестрине киргизилгенде. кошулду: (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-41" title="41-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>