29-статья. Акцияларга конвертирленген коомдун акцияларын жана баалуу кагаздарын жайгаштыруу учурунда акционерлердин укуктарын камсыз кылуу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
1. Акцияларга конвертирленген коомдун акцияларын жана баалуу кагаздарын ачык жайгаштырган учурда коомдун уставында коомдун акцияларынын ээлери - акционерлер ал баалуу кагаздарды коомдогу аларга таандык болгон акциялардын санына пропорционалдуу санда сатып алууга артыкчылык укугу бар экендиги каралууга тийиш.
Кошумча чыгарылган акцияларга конвертирленген акцияларды жана баалуу кагаздарды сатып алуу артыкчылык укугуна аларды жайгаштыруу башталган күнгө чейин кеминде 40 күндөн кечиктирбестен акцияларды сатып алган акционерлер ээ болушат. Акцияларга конвертирленген акцияларды жана баалуу кагаздарды коом тарабынан жайгаштыруу башталган күнгө чейин кеминде 20 күн калганда, аларды сатып алууга артыкчылык укугу бар акционерлерге тапшырык кат жөнөтүлүүгө, ошондой эле басма сөздө билдирүү жарыяланууга тийиш. Тапшырык кат менен жөнөтүлгөн жана басма сөзгө жарыяланган билдирүүдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- акционердик коомдун аталышы;
- кошумча чыгарылган акцияларды же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган күн;
- акционер сатып алууга укуктуу болгон акциялардын же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздардын саны жана жайгаштыруу баасы;
- аларды сатып алуу тартиби;
- жайгаштырылуучу кошумча акцияларды же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алуунун артыкчылык укугу бүткөн күн.
2. Акционер коомго акцияны жана акцияга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын жөнөтүү жолу менен өзүнүн артыкчылык укугун толугу менен же жарым-жартылай ишке ашырууга укуктуу. Мындай арызда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- акционердин аты (аталышы) жана жашаган жери (турган орду);
- ал сатып ала турган баалуу кагаздардын саны;
- баалуу кагаздарды төлөө жөнүндө документ.
Аталган арыз коомго жайгаштырылган кошумча акцияларды жана акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга артыкчылык укугу аяктаган күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш. Эгерде коом акцияларды жана акцияга конвертирленген баалуу кагаздарды ачык жайгаштырса, акционер акцияларды жана акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга болгон өзүнүн артыкчылык укугун каалаган адамга өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Акциялар менен акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууда, аларды сатып алуунун артыкчылык укугун колдонбоо жөнүндө, ошондой эле мындай чечимдин колдонуу мөөнөтү тууралу чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат.
Коом чыгарган акциялар менен баалуу кагаздарды сатып алуунун артыкчылык укугун колдонбоо жөнүндөгү чечим акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен белгиленген мөөнөткө, бирок мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөткө колдонулат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-29" title="29-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>