Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-статья. Жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
1. Коом акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча кошумча акцияларды чыгарууга же жайгаштырылган акцияларды майдалоо жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүүгө укуктуу.
2. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүү тууралу чечими менен акциялардын саны, аларды жайгаштыруунун мөөнөттөрү жана шарттары, анын ичинде жайгаштыруу тартиби жана коомдун уставына ылайык акцияларды алууга артыкчылык укугу бар акционерлерге коомдун кошумча акцияларынын баасын коюу тартиби аныкталышы керек.
3. Менчиктештирүүнүн жана мамлекеттен ажыратуунун натыйжасында түзүлгөн акционердик коомдор кошумча эмиссия учурунда акциялардын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышынын уставдык капиталына кирген негизги каражаттардын баланс наркында киреше жагынан айырма келип чыкканда, баланс наркын баалаганга чейинки суммага коомдун капиталын көбөйтүп, акция ээлеринин акциялардын калыбына келтирүү наркы үчүн алардын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышынын үлүшүн да кошуп, кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Кошумча эмиссияны катташкан акционердик коомдор ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 1 жылдын ичинде акция ээлеринин акциялардын калыбына келтирүү наркы үчүн алардын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышынын үлүшүн да кошуп, баланс наркын кайра баалоо өткөрүүгө милдеттүү.
Кийинки эмиссиялардын акцияларына ээлик кылган акционерлер уставдык капиталдын көбөйгөнү катталган жыл ичинде өз үлүшүн уставдык капиталдын ушул көбөйүшүнө чейинки коомдун түзүмүнө шайкеш келгидей абалга жеткириш үчүн каражаттарды толук салууга укуктуу. Негизги фонддордун кайра бааланышына байланыштуу уставдык капиталды көбөйтүү уставдык капиталды көбөйтүүнүн суммасына барабар болгон акциялардын номиналдык наркын көбөйтүү менен жасалат. Мындай болбогон учурда андан кийинки эмиссиялардын акцияларына ээлик кылган акционерлердин үлүшү уставдык капиталдын иш жүзүндө төлөнгөн бөлүгүнө ылайык кайра эсептелүүгө тийиш. Мында жалпы чогулуштардагы кворумдун эсебин алуу жана добуштарды эсептөө иш жүзүндө төлөнгөн акциялар менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын…Постановление · 31.12.2018 · № 659
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 632 “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө"…Постановление · 03.10.2025 · № 632
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 453-б («Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.11.2019 · № 453-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-23" title="23-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>