Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ишинин маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ишинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ишин регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
- Баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн комиссиялык жыйым 3-тиркемеге ылайык.
2. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым алынары белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 12-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом "Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин күчүнө кирүүчү 1-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-январындагы N 6 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
3-тиркеме
Баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн КОМИССИЯЛЫК ЖЫЙЫМ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (мындан ары - Мамфинкөзөмөл) төмөнкүлөрдү мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алат:
- акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн уставдык капиталдын өлчөмү бир миллион сомго чейин болсо уставдык капиталдын 0,1 пайызы өлчөмүндө;
- акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн уставдык капиталдын өлчөмү бир миллион сомдон ашык болсо он эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- баалуу кагаздарды мурда алдын ала аныкталган жактардын арасында жайгаштырууда баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздардын жайгаштырылган чыгарылышынын көлөмү бир миллион сомго чейин болсо баалуу кагаздардын жайгаштырылган чыгарылышынын көлөмүнүн 0,1 пайызы өлчөмүндө;
- баалуу кагаздарды мурда алдын ала аныкталбаган жактардын арасында жайгаштырууда баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздардын жайгаштырылган чыгарылышынын көлөмү бир миллион сомдон ашык болсо он эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- баалуу кагаздарды мурда аныкталбаган жактардын арасында жайгаштырганда ал баалуу кагаздардын көлөмүнө карабастан беш эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;
- "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык акционердик коом чыгарган акциялардын номиналдык наркынын көбөйүшүн мамлекеттик каттоо үчүн уставдык капиталдын көбөйгөн суммасына карабастан он эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- баалуу кагаздары фондулук биржаларда листинг жол-жобосунан өткөн эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздардын жайгаштырылган чыгарылышынын көлөмүнө карабастан беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
Мамфинкөзөмөл төмөнкүлөрдү мамлекеттик кайра каттоо үчүн үч эсептик көрсөткүч өлчөмүндө комиссиялык жыйым алат:
- коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санынын азайышын;
- башка баалуу кагаздардын акцияларга конвертацияланышын;
- акциялардын консолидацияланышын же бөлүнүшүн.
Башка уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жакты кайра уюштуруу жолу менен акционердик коомду түзүүдө кайра уюштурулуучу юридикалык жактын уставдык капиталынан ашпаган өлчөмдө баалуу кагаздарды чыгаруу учурунда баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо мамлекеттик каттоо үчүн бир жолку комиссиялык жыйымды төлөбөстөн жүргүзүлөт. Мамфинкөзөмөл тарабынан баалуу кагаздардын чыгарылыштарын мамлекеттик каттоого, кайра каттоо үчүн алынуучу мындай комиссиялык жыйымдар чет өлкөлүк эмитенттерге да тиешелүү. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо учурунда алынат. Мамфинкөзөмөл тарабынан алынуучу жогоруда көрсөтүлгөн жыйымдар республикалык бюджетке эсепке алынат
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик…Положение · 31.12.2018 · № 659
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" ТоктомуПостановление · 24.07.2007 · № 288 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 токтому менен…Положение · 24.07.2007 · № 288 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.04.2009 · № 236 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлунун № 392 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.07.2008 · № 392 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" ТоктомуПостановление · 24.07.2007 · № 288 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.04.2009 · № 236 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлунун № 392 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.07.2008 · № 392 · Күчүн жоготкон