Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 15 февраля 2022 года № 66-р (О признании утратившим силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики от 29 ноября 2019 года N 453-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 66-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 29-ноябры, № 453-б «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо, ата мекендик авиаташуучуну колдоо жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 23, 25 жана 28-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акцияларынын жалпы санынын 51 пайызын түзүүчү, жалпы суммасы 409 785 000 (төрт жүз тогуз миллион жети жүз сексен беш миң) сом, жайгаштыруу баасы 100 (жүз) сом болгон 4 097 850 (төрт миллион токсон жети миң сегиз жүз элүү) даана акция санында «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акцияларын кошумча чыгаруу жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө маселени «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушуна койсун.
2. «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- кызыкдар инвесторлорго жекече сунуштоо жолу менен «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларынын 49 пайыз акцияларын ачык жайгаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына сатуу үчүн Кыргыз фондулук биржасында «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларынын 2 пайыз акцияларын жайгаштыруу;
- акциялардын кошумча эмиссиясын каттоо аяктагандан кийин «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларын мамлекеттик каттоо жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 66-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы N 453-б буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу)…Распоряжение · 15.02.2022 · № 66-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон