18-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Жабыр тарткандан арыз түшкөндөн кийин ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн бардык субъекттер үй-бүлөдөгү зомбулукка бөгөт коюуга киришет. Бөгөт коюу чараларына:
- үй-бүлөнүн жабыр тарткан мүчөсүнүн өмүрүнө же ден соолугуна тикеден-тике коркунуч түзгөн турмуштук оор жагдайды жеринде чечүү боюнча шашылыш чараларды көрүү;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандын өтүнүчү боюнча, болбосо өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч келтирилген көз каранды үй-бүлө мүчөсүн токтоосуз түрдө социалдык мейманканага (сыйынт жайга) жайгаштыруу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканды тиешелүү медициналык же адистештирилген мекемеге текшерүүгө жөнөтүү, эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген болсо, милдеттүү түрдө текшерүүгө жиберүү;
- эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлө мүчөсүнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген болсо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун ден соолугунун абалына байланыштуу тиешелүү медициналык мекемеге жиберүүдө бул тууралу ишти сотко билдирүү менен, мыйзамдуу өкүлүнүн, ал эми ал жок болсо камкорчу жана көзөмөлдөө органынын макулдугу зарыл;
- эгерде жабыр тартуучунун жашы жете элек болсо, зомбулуктан жабыр тарткандын өтүнүчү боюнча токтоосуз түрдө социалдык жактан кызмат көрсөтүү милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;
- социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери зомбулуктан жабыр тартканга, болбосо өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч келтирилген үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсүнө социалдык мейманкананын (сыйынт жайдын) берилиши жөнүндө ички иштер органдарына же сотко токтоосуз түрдө билдирилет. Балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык жай берилген же камкорчулук жана көзөмөл алдында болгон үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсү же үй-бүлө мүчөсү күбөлөндүрүлүүгө жиберилген учурларда камкорчу же көзөмөлдөө органына билдирилет;
- ички иштер органынын кызматкери ал жерде анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн түз коркунуч тууларына негиз болгондо же ушул коркунучту түзгөн турмуштук оор жагдайды жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү шашылыш чараларын көрүү үчүн жарандардын имараттарына жана аймагына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу;
- социалдык коргоонун аймактык органынын кызматкери өзүнүн жеке коопсуздугу ички иштер органынын кызматкери тарабынан камсыз кылынганда жарандардын имаратына жана аймагына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу;
- адистештирилген социалдык кызмат үй-бүлөдө зомбулук жасоо менен коштолгон, болбосо зомбулук жасоо коркунучу бар жагдайдын мүнөзүн аныктоо үчүн алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттүү;
- зомбулук жасаган адамга карата ушул Мыйзамда каралган чаралар (убактылуу коргоо ордери, соттук коргоо ордери), болбосо администрациялык же жазыктык куугунтуктун башка чаралары колдонулушу мүмкүн.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-18" title="18-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>