19-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат алынганда билим берүү тутумунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү үчүн аны ички иштер органдарына же прокуратурага берүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жергиликтүү бийлик органдары, болбосо камкорчу же көзөмөлдөө органдары тарабынан аныкталганда, бардык маалыматтар текшерүү үчүн ички иштер органына жана прокуратурага берилүүгө тийиш. Ички иштер органдары же прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө маалымат алары менен зомбулукту болтурбай коюуга жана жабыр тартуучуларды үй-бүлөлүк зомбулуктун уланышынан коргоп калууга шашылыш чараларды көрүүгө милдеттүү. Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери, башка өкмөттүк эмес уюмдар жана калкты социалдык жактан тейлөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөн жарандар үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматты ички иштер органдарына жана прокуратурага зордук-зомбулуктан жабыр тартуучунун макулдугу менен беришет. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөсү болсо, маалыматты берүүгө макулдук талап кылынбайт.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-19" title="19-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>