17-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелерине жиберүү жана тейлөө
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жеке өзү же үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо органдары аркылуу адистештирилген социалдык тейлөө мекемесине жардам сурап кайрылууга укуктуу. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды кабыл алуунун жана жайгаштыруунун тартиби аталган мекемелердин тиешелүү жобосу менен аныкталат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан адамга адистештирилген социалдык тейлөө мекемеси тарабынан белгилүү кызматтардын комплекси көрсөтүлөт, ошондой эле социалдык мейманканада (сыйынт жайларда) 10 суткага чейин акысыз жашоо укугу берилет. Социалдык мейманканада (сыйынт жайда) болуу мөөнөтүн узартуу келишим шарттарында жүзөгө ашырылат. Жабыр тарткан адамды тейлөө боюнча чыгымдар белгиленген мөөнөтүнөн ашып кетсе, ал зомбулук жасаган адамдын мойнуна салынат. Чыгымдарды төлөөдөн баш тарткан учурда сот тартибинде каралат.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-17" title="17-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>