Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү токтом кылат:
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси” мекемеси мүлк комплекси катары 3,087 га аянттагы жер участогу, 31 бирдиктен турган штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин уставында:
- бүткүл тексти боюнча “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы” деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. “Ата-Бейит” комплексинин юридикалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси”;
- расмий тилде: “Национальный историко-мемориальный комплекс “Ата-Бейит” при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.”.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин кайтарууну камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин
2018-жылга каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектини оперативдүү башкаруу укугун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каттасын.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2013 · № 633
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө" токтомуПостановление · 30.08.2016 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон