Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Коррупция үчүн шарт түзүүчү укук бузуулар жана алар
Күчүн жоготкон · 08.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2012 года № 153.
үчүн жоопкерчилик
1. Коррупция үчүн шарт түзүүчү укук бузуулар болуп мамлекеттик
кызматчылардын төмөндөгүдөй иш-аракети же аракетсиздиги саналат:
- мамлекеттик башка органдардын жана юридикалык жактардын иш-ара-
кетине мыйзамсыз кийлигишүү;
- өз ыйгарым укуктарын өздөрүнүн жеке таламдарына, жакын тууганда-
рынын же кайын-журтунун таламдарына тиешелүү маселелерди чечүүдө пайда- лануу;
- мамлекеттик кызматка кирген жаткан жана кызматынан жогорулаган
адамга мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү;
- чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда жеке жана юридикалык жак-
тарга мыйзамсыз артыкчылыктарды берүү;
- өздөрү кызматта турган же аларга баш ийген, контролундагы же от-
чет бере турган мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин иштери боюнча жеке жана юридикалык жактарга ишенимдүү адам катары катышуу;
- расмий түрдө жайылтууга тийиш эмес жана мамлекеттик иш-милдетти
аткаруу учурунда алынган маалыматты жеке же топтук таламдар үчүн пайда- лануу;
- берилиши ченемдик жана укуктук актыларда каралган маалыматты же-
ке жана юридикалык жактарга берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны өз уба- ганда бербөө, такталбаган, болбосо толук эмес маалыматты берүү;
- жеке жана юридикалык жактардан мыйзамда каралбаган маалыматты
талап кылуу;
- мамлекеттик же коммуналдык каржылык жана башка материалдык ре-
сурстарды талапкерлердин жана коомдук уюмдардын шайлоо фонддоруна берүү, ошондой эле аларды жарандарга жана юридикалык жактарга мыйзамсыз берип жиберүү;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароонун жана алар-
дын компетенциясына кирген маселелерди чечүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу;
- протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө жогору тур-
ган расмий адамдарга кызматтан тышкары учурларда ызаат көрсөтүү катары берилүүчү символдук белгилерден жана символдук сувенирлерден башка бе- лектер берүү, материалдык жана башка убай көрсөтүү, иштен тышкары кыз- мат көрсөтүү;
- жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн укуктары менен мыйзамдуу
таламдарын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу;
- жогору же төмөн турган, болбосо кызмат же иш боюнча дагы башкача
көз карандылыкта турган кызмат адамдары менен акчалай же мүлктүн башка мүнөздөгү кумар оюндарына катышуу;
- ишкерчиликти мамлекеттик жөнгө салуу үчүн ушундай ишти, ошондой
эле ага контролду жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ыйгарым укук- тардын бир бөлүгүн берүү;
2. Мамлекеттик кызматчылар тарабынан ушул статьянын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн кандайдыр бир укук бузуулардын жасалышы, эгерде ал кылмыш катары жазалана турган жосундун белгилерин камтыбаса, тартиптик жаза тартууга, ошону менен бирге мамлекеттик кызматтан четтетүү менен ээле- ген кызмат ордунан бошотулушуна алып келет.
Берененин тексти 08.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1175/st-13" title="13-статья - Коррупцияга каршы курошуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>