14-статья. Коррупциялык укук бузуулар
Күчүн жоготкон · 08.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2012 года № 153.
1. Коррупциялык укук бузуулар болуп төмөндөгүдөй жосундар саналат:
а) адам тиешелүү иш-милдетин аткарбаган уюмдардан, ошондой эле жа-
рандардан, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралба- са, өз иш милдеттерин аткаргандыгы үчүн башка жеке жана юридикалык жак- тардын кызыкчылыгын көздөп акча, кызмат көрсөтүү түрүндө ар кандай сы- йакыларды кабыл алуу;
б) өз иш милдеттерин аткаргандыгы үчүн белектерди алуу же жалпы
кабыл алынган ызаат көрсөтүү ченемдерине ылайык, болбосо протоколдук, дагы башка расмий иш чараларды өткөрүү учурунда берилген символдук су- венирлерди эсепке албаганда, кызматы боюнча көз каранды адамдардан ошондой белектерди алуу;
в) чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын, Кыргыз Республика-
сынын жеке жана юридикалык жактарынын эсебинен мамлекеттик ички жана тышкы туристтик, дарылоо-ден соолукту чыњдоо жана башка сапарларга ча- кырууларды кабыл алууда ага төмөндөгүдөй сапарга баруу кирбейт:
- жакын туугандарынын чакыруусу боюнча алардын эсебинен;
- эгерде мамилеси чакыргандардын кызматтык ишинин маселелерине ти-
ешеси жок болсо, дагы башка жеке жактардан алган чакыруу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдары менен чет өлкөлүк мамлекеттик ор- гандардын ортосундагы келишимдер боюнча өз ара негизде тиешелүү мамле- кеттик органдардын жана (же) эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсеби- нен жүзөгө ашырылуучу сапарлар;
- коомдук бирикмелердин уставдык иш-аракеттеринин чектеринде
жүзөгө ашырылуучу эл аралык илимий, спорттук, чыгармачылык, кесиптик, адамынын, болбосо коллегиялуу башкаруу органынын макулдугу менен чет өлкөлүк өнөктөрдүн чакыруусу боюнча жана алардын эсебинен жүзөгө ашыры- луучу сапарлар;
г) аларга өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн берилген транс-
порт жана байланыш каражаттарын, электрондук-эсептөө техникасын, акча каражаттарын, кыймылсыз жана башка мүлктү жеке, топтук жана башка кыз- маттык таламдар үчүн пайдалануу.
2. Мамлекеттик кызматкер тарабынан ушул статьянын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн коррупциялык укук бузуулардын кайсы биринин жасалышы, эгер- де анда кылмыштык жазаланууга тийиш болгон иштердин белгиси жок болсо, тартиптик жаза тартууга алып келет, ошону менен бирге акырында кызмат- тан четтетүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
3. Коррупциялык укук бузуучу субъекттин эсебине келип түшкөн акча-
лай каражаттар, ошондой эле ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасын бузуу менен алар алган каражаттар, алар табылгандан кийин мындай кара- жаттардын келип түшкөн жагдайлары жөнүндө түшүндүрмө берүү менен он күндүн ичинде мамлекеттин бюджетине которулууга тийиш. Көрсөтүлгөн адамга айтылбай түшкөн белектер, ошондой эле өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга байланыштуу 1-пунктунун "б" пунктчасын бузуу менен ал алган белектер он күндүк мөөнөттө атайын мамлекеттик фондго же ушул эле мөөнөттө белектердин рыноктук баасына тењдеш сумма мамлекеттик бюджетке которулат. Мыйзамсыз кабыл алынган белектер жана акчалай каражаттар соттун чечими менен конфискацияланууга тийиш. Мыйзамсыз кабыл алынган тейлөөнүн наркы соттун чечими менен күнөөлүү адамдан төлөтүлөт жана мамлекеттик бюджеттин эсебине чегерилет.
Берененин тексти 08.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1175/st-14" title="14-статья - Коррупцияга каршы курошуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>