12-статья. Мамлекеттик функцияларды аткарууга сыйышпаган
Күчүн жоготкон · 08.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2012 года № 153.
иш-аракеттер
1. Мамлекеттик кызматчыларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- педагогикалык, илимий жана чыгармачылыктан башка акы төлөнүүчү
ишти аткарууга;
- жеке ишкерлик иш иштөөгө, ошондой эле жеке жана юридикалык жак-
тар кандай гана формада болбосун андан сыйакы алуу менен ишкердик ишин жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызмат абалынан пай- даланууга;
- өзү кызматында турган, болбосо өзүнө түздөн-түз баш ийген же
контролдугунда болгон мамлекеттик органда үчүнчү жактардын иштери боюн- ча өкүл болууга;
- материалдык-техникалык, каржылык жана маалыматтык камсыз кылуу
каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда пайдалануу- га;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу иш-аракеттери
же аракетсиздиги үчүн жеке жана юридикалык жактардан белек түрүндө сы- йакыларды, акча жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
- иш таштоолорго, манифестацияларга катышууга жана башка иш-ара-
кеттери менен мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттик кызмат- чылар кызматтык ыйгарым укуктарын аткарышына тоскоолдук кылууга;
- өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу саясий партиялардын ишине ка-
тышууга;
- кызматы өзү менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдардын
(ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-карындаштары жана балдары) түздөн-түз баш ийүүсү же контролдукта болушу менен байланышкан мамле- кеттик органдарда мамлекеттик кызматта болууга.
2. Коммерциялык уюмдардын уставдык капиталында үлүшү, болбосо ки-
реше алуу максатында пайдаланылган башка мүлкү бар мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматка киргенден кийин бир айдын ичинде бул үлүштү жана мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипте өзү мамлекеттик кызматта болгон убакытка ишеничтүү башкарууга берүүгө милдеттүү.
3. Ушул Мыйзамда жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда тыюу са-
лынган иш жүргүзгөн мамлекеттик кызматчылар жооптуу болушат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш.
Берененин тексти 08.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1175/st-12" title="12-статья - Коррупцияга каршы курошуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>