11-статья. Каржылык контролдоо чаралары
Күчүн жоготкон · 08.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2012 года № 153.
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматка талапкер жарандары
мамлекеттик салык кызматынын тиешелүү органдарына, бардык кирешелер жа- на өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон мүлк, анын ичинде мүлккө та- лап укугу жөнүндө маалыматтарды берет.
2. Мамлекеттик кызматчылар, ошондой эле муниципалдык кызматта иш
жүргүзгөн жарандар, иши мамлекеттик бюджеттен каржыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын жана ишкана- лардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин банк меке- месинде же каржы-кредиттик мекемелеринде жеке эсептерин ачууда өз эсеп- теринин номерлери жана банк мекемесинин реквизиттери жөнүндө үч күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүүнү бербегендик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берүүгө алып келет. Ушул статьяда каралган, салык инспекциясына келип түшкөн маалымат- тар кызматтык сырды түзөт. Мындай маалыматтарды жарыя кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 08.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1175/st-11" title="11-статья - Коррупцияга каршы курошуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>