15-берене. Калдыктарды зыянсыздандырууга талаптар
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Калдыктарды зыянсыздандыруу эксплуатациялоо ушул Мыйзамда, калдыктар менен иштөө, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлө турган калдыктарды зыянсыздандыруу объекттеринде гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Биологиялык калдыктар 2025-жылдын 1-январынан тартып малдын өлүгүн өрттөөчү мештерде өрттөө (кремациялоо) жолу менен милдеттүү түрдө жок кылынууга тийиш. Кийин калдыктарды жерге көмүү менен биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) зыянсыздардырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жол берилет. Жаныбарлар жаратылыш кырсыгынан жапырт кырылган жана биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) утилдештирүү, өрттөө же зыянсыздандыруу үчүн аларды ташууга мүмкүн болбогон учурда малдын өлүгүн жерге көмүүгө жол берилет. Малдын өлүгүн биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) өрттөө (кремациялоо), зыянсыздандыруу жана биологиялык калдыктар жаткан жерге көмүү боюнча ветеринардык-санитардык иш-чаралардын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
2. Калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча иш лицензияланууга тийиш, анын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү технологияларды колдонуу менен калдыктарды зыянсыздандырууга, ошондой эле экинчи материалдык ресурстарды зыянсыздандырууга тыюу салынат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-15" title="15-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>