16-берене. Калдыктарды жайгаштырууга талаптар
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Айлана-чөйрөнү булгоо булактары болуп калышы мүмкүн болгон калдыктарды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өзүм билемдик менен жайгаштырууга, ошондой эле аларды өрттөөгө тыюу салынат.
2. Айлана-чөйрөнү булгоо булактары болуп саналган калдыктар атайын орнотмолордо кайра иштетилүүгө жана (же) зыянсыздандырууга же болбосо атайын полигондорго жайгаштырылууга тийиш.
3. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн объекттер курулуучу жерди тандоону мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары коомдук пикирди эске алуу менен мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда экологиялык, геологиялык, гидрологиялык жана башка изилдөөлөрдүн негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
4. Калдыктар көмүлгөн жер калдыктардын мамлекеттик кадастрына киргизилет.
5. Калдыктарды көмүү учурунда алар көмүлгөн жердин мониторинги милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Мониторинг айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тартипте калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси бул объектти (же участокту) эксплуатациялоо аяктагандан кийин бузулган жерлерди (участокторду) кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.
7. Курамына кайра иштетилүүгө тийиш болгон пайдалуу компоненттер кирген калдыктарды көмүүгө тыюу салынат. Курамына пайдалуу компоненттер кирген, аларды көмүүгө тыюу салынган калдыктардын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 771 “Курамына көмүүгө тыюу салынган пайдалуу компоненттер кирген калдыктардын түрлөрүнүн тизмегин…Постановление · 02.12.2025 · № 771
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 314 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо"…Постановление · 13.06.2024 · № 314
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябры № 679 "Колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды кайра иштетүү жана кайра иштетилген…Постановление · 08.10.2026 · № 679
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-16" title="16-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>