14-берене. Калдыктарды кайра иштетүүгө талаптар
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Калдыктарды кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү технологияларды колдонуу менен калдыктарды кайра иштетүүгө тыюу салынат.
Кооптуулуктун I-V класстарындагы калдыктарды кайра иштетүү боюнча иш мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде лицензияланууга тийиш. Лицензиялоо жол-жобосун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча эксплуатациялоого киргизилген объекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестринде катталууга тийиш.
Калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестрин РОП оператору жүргүзөт.
4. Мындай объекттердин реестрине кирбеген калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттерди эксплуатациялоого тыюу салынат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 24-июлундагы № 562-т "2026-2030-жылдарга туруктуу органикалык булгоочуулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын…Распоряжение · 24.07.2026 · № 562-т
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын 2024-2025-жылдардагы ишинин Сессиялык Планы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2024-жылдын…План · 10.10.2024 · № 2425-VII
- Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик…Закон · 23.03.2020 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-14" title="14-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>