40-берене. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 12-глава
1. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуунун кандай болбосун этабында билим берүү уюмун жана окутуунун формасын тандоого;
2) балдарды окутуу, тарбиялоо, карап багуу жана өстүрүү маселелери боюнча билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына кайрылууга;
3) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында билим алууга баланын укугун сактоону талап кылууга;
4) билим берүү уюмун, анын ичинде кошо башкаруу органдарында башкарууга жана өнүктүрүүгө катышууга.
2. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балага үй-бүлөдө билим берүү формасындагы башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүгө укуктуу. Үй-бүлөдө билим берүү формасында билим алып жаткан бала окутуунун кайсы этабында болбосун оң аттестациядан өткөндө, билим берүү уюмунда билим алуусун улантууга укуктуу. Балдарга үй-бүлөдө окутуу формасында билим алууну камсыз кылуучу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) методикалык, психологиялык-педагогикалык жана консультациялык жардам алууга укуктуу.
3. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жынысына карабастан балдардын жашоосу, окуусу, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн, алардын мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим алуусу үчүн бирдей негизде талаптагыдай шарттарды түзүүгө, инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин тутууга, алардын дене-бойлук жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;
2) баланын кадыр-баркын сыйлоого, эмгекчилдикке, боорукердик сезимге, тарбиялоого, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, башка жыныстагы адамга, башка улуттарга, мамлекеттик, расмий жана эне тилдерине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга (мыйзамдардын ченемдерине каршы келбеген) сый мамиле жасоого, толеранттуулукка сый мамиле жасоого, зомбулукка, коррупцияга жана басмырлоого келишпестикке, башка адамдардын укуктарын урматтоого тарбиялоого;
3) Кыргызстан элинин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Мекенди сүйүүгө тарбиялоого;
4) билим берүү уюму менен туруктуу кызматташтыкты сактоого, ата-энелердин чогулушуна катышууга, билим алуучуну окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин сунуштарын аткарууга.
4. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим алуучу үчүн тийиштүү шарттардын жоктугу, окуучулардын башталгыч, негизги жана жалпы орто билим алуусу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.07.2018 · № 334 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.09.2015 · № 670 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 " Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2020 · № 189 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 "Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2020 · № 601 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 438 "Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө"…Постановление · 04.08.2014 · № 438 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасында билим…Постановление · 07.10.2022 · № 552 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү…Постановление · 22.01.2020 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз…Постановление · 30.11.2022 · № 665 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин…Постановление · 30.12.2020 · № 639 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-40" title="40-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>