Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
39-берене. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 12-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78
1. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
2. Билим алуучулар төмөнкүлөргө мамлекет тарабынан кепилденген укуктарга ээ:
1) сапаттуу билим алууга;
2) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө;
3) ден соолукта, адеп-ахлактык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоого;
4) медициналык кароого жана медициналык биринчи жардамды уюштурууга;
5) эксплуатациялоонун жана ден-соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин ар кандай түрүнөн, ошондой эле дене бойлук жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркты басмырлоодон коргоого;
6) адамдык кадыр-баркын урматтоого, өз көз караштарын жана ишенимдерин эркин туюнтууга;
7) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим алууга;
8) кошумча билим берүү кызматтарын, анын ичинде акы төлөө негизинде дагы алууга;
9) билим берүү уюмдарында маалыматтык ресурстарды акысыз пайдаланууга;
10) аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтырууга;
11) алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен окутуу үчүн шарттарды берүүгө.
3. Билим алуучулар окутуунун каалаган этабында билим берүү уюмун жана окутуу формасын тандап алууга, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алууга, ошондой эле жекече билим берүү кызматтарын алууга укуктуу.
31. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн билим берүү уюмун жана билим берүү формасын тандап алууга укуктуу.
"Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен дүйнөлүк рейтингге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында орто жана жогорку кесиптик билим алууга укуктуу. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусунун толук наркын жабууга грант алган учурда, ага Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү мамлекеттик стипендия төлөнөт. Ушул бөлүккө ылайык окууга жиберилген "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган, же болбосо уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда белгилүү бир мөөнөткө иштеп берүү же, эгерде келишимдин шарттарын бузса, окутууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу милдеттенмелери жөнүндө келишим түзүлөт. Стипендия ээлери менен окуу келишимин түзүү эрежелери, алар менен өз ара аракеттенүүнүн, ошондой эле окууга жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн аралыктан билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында билим алуучулар билим алуучулардын бардык укуктарына жана милдеттерине, ал эми аларды бүтүргөндө - бул билим берүү уюмдарынын билими жөнүндө документтерин алуу укугуна ээ.
5. Билим алуучулар билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүгө, ички тартип эрежелерин сактоого, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
6. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен билим алып жаткан жаш адистерди бөлүштүрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
61. Жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.
62. Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.
63. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.
7. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерин кабыл алуу планы өткөн окуу жылындагы кабыл алуу планынан төмөн эмес деңгээлде сакталат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алууга, ошондой эле жекече билим берүү кызматтарын алууга укуктуу. кошулду: 31. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн билим берүү уюмун жана билим берүү формасын тандап алууга укуктуу. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен дүйнөлүк рейтингге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында орто жана жогорку кесиптик билим алууга укуктуу. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусунун толук наркын жабууга грант алган учурда, ага Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү мамлекеттик стипендия төлөнөт. Ушул бөлүккө ылайык окууга жиберилген "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган, же болбосо уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда белгилүү бир мөөнөткө иштеп берүү же, эгерде келишимдин шарттарын бузса, окутууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу милдеттенмелери жөнүндө келишим түзүлөт. Стипендия ээлери менен окуу келишимин түзүү эрежелери, алар менен өз ара аракеттенүүнүн, ошондой эле окууга жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 4. Билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн аралыктан … бөлүштүрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. кошулду: 61. Жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет. 62. Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет. 63. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет. 7. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен Кыргыз Республикасынын … окуу жылындагы кабыл алуу планынан төмөн эмес деңгээлде сакталат. кошулду: (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 "Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде…Постановление · 13.08.2025 · № 491
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 256 «Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим…Постановление · 16.04.2026 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл…Указ · 18.05.2026 · № 176
- Министрлер Кабинетинин 13.08.2025-жылдагы №491 токтомуПостановление · 13.08.2025 · № 491
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-39" title="39-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>