Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
36-берене. Инклюзивдик билим берүү
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 11-глава
1. Инклюзивдик билим берүү бардык адамдар үчүн билим алуу муктаждыктарынын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдарын эске алуу менен, басмырлоосуз бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган. Инклюзивдик билим берүү принциби билим берүүнүн бардык баскычтарында жана өмүр бою иштейт. Инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу максатында баланы билим алууга жөндөмсүз деп таанууга, ошондой эле балдарды бөлүүнүн башка ыкмаларын колдонууга тыюу салынган.
2. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга билим берүү менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жүргүзүлөт. Эгерде мындай форма билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучунун өзү тарабынан тандалса, билим берүү үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу формасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын билим алуу укугун ишке ашыруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жогорулатуучу коэффициенттерди пайдалануу менен ваучердик каржылоо механизми аркылуу камсыз кылынат.
4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз эксперттер жана (же) уюмдар тарабынан жекече окуу планынын негизинде өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар жактардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоону уюштурат.
5. Билим берүүнүн жетишкендиктерин жана билим алуучулардын билим алуудагы муктаждыктарын баалоонун жыйынтыктары жекече реабилитациялоонун ведомстволор аралык комплекстүү программасынын, үй-бүлө менен иштөө планынын жана баланы коргоонун жекече планынын тутумдук бөлүгү болуп саналат.
6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтөт.
7. Анда атайын жана жекече муктаждыктар, анын ичинде аң-сезимдүү куралдар эсепке алынган окутуу чөйрөсүн түзүү үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу аркылуу мамлекет билим алууга өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын инклюзивдик билим алууга укугун ишке ашырууга кепилдик берет.
8. Мамлекет өзгөчө окуу шарттарына муктаж адамдарды эрте аныктоо, педагогдорду даярдоо жана ата-энелерге консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырат.
9. Мамлекет инклюзивдик билим берүүнүн, эрте өнүктүрүүнүн принциптерин жана методдорун, окутуунун жана баарлашуунун альтернативдик методдорун жана формаларын, анын ичинде жаңдоо тилин жана Брайль арибин киргизүүнү жана өнүктүрүүнү пайдаланган билим берүү уюмдарын жана педагогикалык кызматкерлерди шыктандырат.
10. Мамлекет өзгөчө билим алуу муктаждыктары бар адамдардын билим алуу укугун комплекстүү реабилитациялоо жана абилитациялоо чараларын пайдалануу, билим берүү процессинде коштоону уюштуруу аркылуу ишке ашырат.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү…Постановление · 17.10.2025 · № 680
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз…Постановление · 20.08.2026 · № 563
- МК 17.10.2025-жылдагы №680 токтомуПостановление · 17.10.2025 · № 680
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-36" title="36-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>