35-берене. Кошумча билим берүү
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 10-глава
1. Кошумча билим берүү адамдын жөндөмүнө жана кызыкчылыктарына ылайык аны инсан катары өнүктүрүүгө багытталган жана формалдуу билим берүүнүн чегинен тышкары жүзөгө ашырылат. Кошумча билим берүүгө төмөнкүлөр кирет:
1) балдарга кошумча билим берүү;
2) эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү;
3) кошумча кесиптик билим берүү.
2. Кошумча билим берүү менчигинин формасына карабастан кандай болбосун түрдөгү билим берүү уюмдары же кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан берилет. Кошумча билим берүү программалары билим берүү уюмдары жана жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Республикалык бюджеттен каржылануучу кошумча билим берүү программаларын берүүнүн тизмеси, тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Кошумча билим берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Менчик билим берүү уюмдарынын жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) кошумча билим берүү кызматтарын төлөө шарттары, өлчөмү жана тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.
6. Кошумча кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары квалификациялардын улуттук системасына ылайык кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана квалификациялык талаптарды эске алуу менен иштелип чыгат.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин…Постановление · 23.07.2018 · № 336
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябры № 690 "Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2025 · № 690
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 545 "Облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттарын…Постановление · 13.08.2026 · № 545
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-35" title="35-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>