Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 13-августу № 545
Облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
Педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 18, 35 жана 46-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) облустук билим берүү институттарынын типтүү штаттары 1-тиркемеге ылайык;
2) билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) төмөнкүлөрдү кайра уюштурсун:
– облустук билим берүү институттарына өзгөртүп түзүү жолу менен облустук методикалык билим берүү борборлорун (Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй облустарында) жана билим берүү институттарын (Ош билим берүү институту, Ысык-Көл облустук билим берүү институту);
– билим берүүнү өнүктүрүү борборлоруна өзгөртүп түзүү жолу менен райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттерди;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 «Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев | |
| 2-тиркеме |
Билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттары
| № | Кызмат орундун аталыштары | Штаттык бирдиктердин санынын ченеми |
| 1 | Башчы | 1 штаттык бирдик |
| 2 | Методист | Билим берүүнү өнүктүрүүнүн ар бир борборунда мектепке чейинки билим берүүдө, башталгыч мектепте, STEM-багыттары, гуманитардык блоктун сабактары боюнча окутууну, мектептен тышкаркы ишти жүргүзүүнү жана санариптештирүүнү координациялоо жана колдоо үчүн методисттердин 7 штаттык бирдиги |
Эскертүү:
1. Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун башчысынын кызмат орду бир уюмда 1 штаттык бирдик эсебинде белгиленет.
2. Кызматтык жайларды тазалоочунун кызмат орду тазалануучу ар бир 500 квадрат метрге 1 бирдик эсебинде киргизилет.
3. Жылытуу мезгилине от жагуучу жумушчу (оператордун) кызмат орду төмөнкү эсеп менен белгиленет:
– катуу отун же газ менен иштеген отканалар болгон учурда нөөмөтүнө 1 кызмат орду жана отканалардын аянты 75 квадрат метр жана андан жогору болгондо же газды башкаруу автоматикасы жок болгон учурда нөөмөтүнө 2 кызмат орду;
– меш менен жылытуу болгон учурда – 10 мешке 1 от жагуучунун ставкасы, бирок 0,5 ставкадан кем эмес; туруктуу нөөмөттө турууну талап кылган бойлердик түзүлүштөр жана насостор болгон учурда – нөөмөтүнө 1 оператордун ставкасы.
4. Кароолчунун кызмат орду нөөмөтүнө 1 ставка эсебинде киргизилет.
5. Билим берүүнү өнүктүрүү борборлору аймактык тиешелүүлүгүнө жараша облустук билим берүү институтунун бухгалтериясы тарабынан тейленет.
| 3-тиркеме | ||
| "2-тиркеме |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Облустук билим берүү институттарынын типтүү штаттары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 545 токтомуна)Приложение · 13.08.2026 · № 545
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 "Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын…Постановление · 06.09.2016 · № 485 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 "Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын…Постановление · 06.09.2016 · № 485 · Күчүн жоготкон