33-берене. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 241
1. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор, илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражаларын ыйгаруу менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого, ошондой эле адистештирилген медициналык билим берүү (интернатура/ординатура) программаларын ишке ашырууга багытталган.
2. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде изденүүчүлүк, аспирантура (адьюнктура), докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору илимий даражалары изденүүчүнүн диссертацияны коомдук коргоосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнмөсүнүн негизинде мамлекеттик аттестациялык орган тарабынан ыйгарылат. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктору деген окумуштуулук даража Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.
4. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
5. Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө кесиптик жогорку билим берүү уюмунун (илимий-изилдөө институтунун) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…даярдоого, ошондой эле адистештирилген медициналык билим берүү алынып салынды: (ординатура) кошулду: (интернатура/ординатура) программаларын ишке ашырууга багытталган.
2. Илимий жана … негизинде мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августу № 517 "Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана…Постановление · 27.08.2024 · № 517
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 54 "Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2025 · № 54
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.10.2018 · № 477 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 04.07.2017 · № 421 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 04.07.2017 · № 421 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 18.05.2016 · № 266 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-33" title="33-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>