Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын каржылоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-февралы № 54
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин эсебинен жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары (PhD/тармак боюнча докторантура, аспирантура (адъюнктура) боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары (PhD/тармак боюнча докторантура, аспирантура (адъюнктура) боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо наркы күндүзгү окуу формасы боюнча бир аспирантка жылына 95800 (токсон беш миң сегиз жүз) сомду түзөт деп;
2) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары (PhD/тармак боюнча докторантура, аспирантура (адъюнктура) боюнча күндүзгү окуу формасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого квота жыл сайын 20 адамды түзөт деп, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - 15 адам;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына - 5 адам;
3) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүктүрүүнү комплекстүү болжолдоонун негизинде илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча квоталарды бөлүштүрүү билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жүргүзүлөт деп;
4) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары (PhD/тармак боюнча докторантура, аспирантура (адъюнктура) боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону каржылоо тиешелүү жылдарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Илим жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 170