Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 27-августу № 586 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгына, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 705 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жободо:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүүнү, мыйзамдардын жана кызматтык тартиптин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону, ошондой эле баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартууну.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы» мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы» мекемесинин уставында:
– 1-пунктта «билим берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «адистештирилген» деген сөз менен толукталсын;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20. Академиянын түзүмүнө ректорат, кафедралар, бөлүмдөр, эл аралык мамилелерди талдоо борбору жана Академиянын ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылган башка түзүмдүк бөлүмдөр кирет.»;
– 65-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«65. Административдик-башкаруу персоналынын курамына төмөнкүлөр кирет: ректор, проректор, бөлүмдөрдүн жетекчилери, эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору, ошондой эле штаттык расписаниеде каралган башка жетекчи кызмат орундары.»;
– 67-пунктта «проректорлору», «орундарына» деген сөздөр «проректору», «ордуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 75-пунктта:
он үчүнчү абзацта «проректорлоруна» деген сөз «проректоруна» деген сөзгө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи, он тогузунчу абзацтар менен толукталсын: «– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга, Академиянын Окумуштуулар кеңешинин чечимдерине ылайык келбеген учурда же аларды колдонуу зарылдыгы жоголгон учурда мурда чыгарылган буйруктарды жана тескемелерди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарууга (күчүн жоготту деп таанууга) укуктуу;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, Академияда мыйзамдардын жана эмгек тартибинин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;»;
– 76-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«76. Академиянын ректору жок болгон кезде анын милдеттерин аткаруу ректордун буйругу менен Академиянын проректоруна жүктөлөт.»;
– 77-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«77. Академиянын Окумуштуулар кеңеши Академияны башкаруунун жогорку коомдук-кесиптик органы болуп саналат.»;
– 79-пункттун алтынчы абзацында «проректорлорунун бири» деген сөздөр «проректору» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 81-пункттун экинчи абзацында «проректорлорунун» деген сөз «проректорунун» деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Устав · 20.02.2020 · № 104
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Постановление · 25.12.2013 · № 705
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Постановление · 25.12.2013 · № 705
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин…Постановление · 20.02.2020 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179