Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 17 апреля 2026 года № 258 "О вопросах проведения конкурса на должности руководителей государственных и муниципальных образовательных организаций дошкольного, общего (начального, основного и среднего), начального профессионального и дополнительного уровней образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-17.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 28-майы № 273 Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 жана андан көп жыл иштеген жетекчилер ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет;
2) бошотулган жетекчилер иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алышат жана алар квалификациялык талаптарга шайкеш келсе, башка талапкерлер менен бирге жалпы негизде жетекчинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу;
3) конкурстук тандоо мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жүргүзүлөт;
4) бул токтомдун колдонулушу карамагында мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ведомстволук мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жайылтылат;
5) бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылга жана кийинки жылдарга каралган борборлоштурулган иш-чараларынын каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы №41 (3594) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрели № 258 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана…Постановление · 17.04.2026 · № 258
- Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 28.05.2024 · № 273 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 17.04..2026-ж., № 258 токтомуПостановление · 17.04.2026 · № 258
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрели № 258 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана…Постановление · 17.04.2026 · № 258
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 "Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2024 · № 568
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябры № 570 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 08.09.2025 · № 570