Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, „Билим берүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 4-августундагы № 377
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 377 тескемеси менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоорунун концепциясы баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу-өндүрүштүк иштен кирешелерди алууга жана аларды мекеменин уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн пайдаланууга финансылык укук берүү менен жыйынтыкталат. Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды жана үч окуудан кабыл алынды, мыйзам долбоорунда ушул сыяктуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Атап айтсак, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
1. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелеринин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсеп ачууга жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн кирешелерди алууга укук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2, 105-беренелеринде.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароонун жүрүшүндө бул өзгөртүүлөрдү киргизүү коммерциялык банктарда эсеп ачуу жана кирешелерди алуу маселелери чечилбей тургандыгы аныкталды, анткени бул колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине жана ал тургай Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин башка бөлүктөрүнө карама-каршылыкты чакырат. Жыйынтыгында 105-берененин 8-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "и" пунктча менен толукталсын: "и) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелер.". Бул өзгөртүүгө ылайык кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелери билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди атайын эсептерде топтой алат. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине коммерциялык банктарда эсептерди ачуу укугун берүү маселеси каржылоо чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдык базага кылдат талдоо жүргүзүүнү талап кылат.
2. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 10, 14-бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары жеке жана (же) юридикалык жактар менен алар тараптан окутуунун наркын төлөө менен түзүлгөн келишимдер боюнча эмгектин квалификацияланган жумушчуларын (жумушчуларды жана кызматчыларды) даярдоого жана кайра даярдоого, ошондой эле өз каражаттарын пайдалануунун багыттарын жана тартибин, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөгө жана материалдык дем берүүгө багытталган үлүшүн көзөмөлчүлүк кеңештеринин макулдугу менен өз алдынча аныктоого укуктуу.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, ага ылайык кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдары акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жолу менен окуу-өндүрүштүк ишти толугу менен ишке ашыра ала тургандыгын белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык кызматтарды көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер түрүндө алынууну каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн республикалык бюджетке түшүүлөр болуп саналат. Мындан тышкары аталган Кодекстин 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөрдүн курамына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кирешелердин башка түрлөрүн кошууга тыюу салынат. Ошондой эле "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин жоболоруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдү гана көрсөтөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорлору тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорун түзүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүлөр үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Андан тышкары мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 2-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат, ага ылайык бюджеттик мекемелердин мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн кирешелери ижарага берилген мүлктү күтүүгө, оңдоого жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө багытталат.
Мыйзам долбоорунун максаты билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын коллизиялык ченемдерин жоюу, ошондой эле мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү үчүн шарттарды түзүү болгондуктан, сунушталуучу өзгөртүүлөр укуктук жөнгө салуунун предмети болуп эсептелбейт.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин биринчи жана экинчи абзацтарын алып салуу сунушталууда.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 44-беренеси бардык билим берүү уюмдарын каржылоонун тартибин жөнгө салгандыктан, бул Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу мүмкүн болуучу терс кесепеттер жөнүндө белгилей кетүү зарыл. Ошондой эле белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы үч окууда кабыл алынды, аны кабыл алуу менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамы күчүн жоготот. Жогоруда баяндалгандардын негизинде бул мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 171
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон