Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-ноябры № 659-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: 2022-жылдын декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө; «2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; «2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; «2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) («АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу»), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) («АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу») ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бюджеттик кодексине, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Патент мыйзамы» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору тууралуу; «2023-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору тууралуу.
Тѳрага Н.Т. Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга…Постановление · 29.06.2022 · № 377-VII
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 171
- 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар…Закон · 23.01.2023 · № 7
- 2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)…Закон · 18.01.2023 · № 4
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөЗакон · 17.08.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон