3-берене
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.";
2) 40-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары лицензия албастан туруп, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.";
3) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары финансылык ишти Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына жалпы билим берүү гранттары сакталат, аларды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу аныкталат.";
4) 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен сатылып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.".
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112658/st-3" title="3-берене - Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>