28-берене. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 4-глава
1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - тышкы соода ишинин катышуучулары ыктыярдуу негизде тармактык, аймактык жана башка принциптер боюнча ассоциацияларга жана башка бирликтерге бириге алат.
2. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын - тышкы соода ишинин катышуучуларынын бирикмелери бирикмелердин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, алардын жалпы кызыкчылыктарын билдирүү, экспорттун жана импорттун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тартипке келтирүү, ак ниетсиз атаандаштыкты болтурбоо, чет өлкөлүк жактар жана алардын бирикмелери менен тышкы соода байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн түзүлөт.
3. Ички рынокту монополиялаштыруу жана бөлүү, аларга кирбеген тышкы соода ишинин катышуучуларына атаандаштык шарттарын чектөө үчүн бирикмелерди пайдаланууга, бирикмелерге катышуусуна жараша ата мекендик жана чет өлкөлүк жактарды ар кандай түрдө басмырлоого, ошондой эле мындай бирикмелерди тышкы рынокто ишкердик тажрыйбаны чектөө үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
4. Көрсөтүлгөн бирикмелерди түзүү жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-28" title="28-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>