27-берене. Тышкы соода статистикасы
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 4-глава
1. Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте статистикалык отчеттуулук, бирдиктүү методология боюнча эл аралык деңгээлде салыштырылуучу төмөнкүдөй статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу тутумун түзүүнү камсыз кылат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикалык отчеттуулугунун жана бажы статистикасынын, анын ичинде соода баланстарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы, анын ичинде товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, баалуу кагаздарды, алынган жана тейлөөдө турган кредиттерди ташып келүү, ташып чыгуу статистикасы боюнча.
2. Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн статистикалык маалыматты ай сайын, квартал сайын жана жыл сайын расмий жарыялоону камсыз кылат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-27" title="27-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>