29-берене. Чет мамлекеттердин жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрү
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 5-глава
1. Чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн жана (же) филиалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо менен ушул чет өлкөлүк юридикалык жактардын гана атынан тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн ачууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин соода-экономикалык маселелер боюнча соода өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасы тиешелүү чет мамлекеттер менен түзө турган эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-29" title="29-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>