18-берене. Товарлардын айрым түрлөрүнүн тышкы соодасын лицензиялоо
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товарлардын айрым түрлөрүнүн тышкы соодасы ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык лицензиялардын негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын тизмеги жана бул товарларды ташып келүү жана (же) ташып чыгуу тартиби жөнүндө жобо Евразия экономикалык бирлигинин актылары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Лицензиялоо товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунда жана (же) импортунда колдонулат, эгерде бул товарларга карата төмөнкүлөр киргизилсе:
1) сандык чектөөлөр;
2) өзгөчө укук;
3) уруксат берүү тартиби;
4) тарифтик квота;
5) атайын коргоо чарасы катары импорттук квота.
4. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын тизмегине киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоо боюнча эксперт жана лицензиар уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-18" title="18-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>