17-берене. Уруксат берүү тартиби
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товарларды ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга уруксат берүү тартиби лицензиялоону киргизүү же уруксат берүүчү документтерди берүү жолу менен тышкы соода ишин жөнгө салуунун башка административдик чараларын колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети товарларды ташып келүүнүн жана (же) ташып чыгуунун уруксат берүү тартибин киргизет жана жокко чыгарат.
3. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын экспортуна, импортуна же транзитине электрондук уруксат берүү документин (лицензияны, корутундуну, уруксатты) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча берүү тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-17" title="17-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>