19-берене. Автоматтык лицензиялоо (байкоо)
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Автоматтык лицензиялоо (байкоо) товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасына мониторинг жүргүзүү максатында товарлардын экспортунун жана (же) импортунун сандык көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө жана аларды башка ыкмалар менен өзгөртүү мүмкүн болбогон учурда колдонулат жана уруксаттарды берүү аркылуу ишке ашырылат.
Автоматтык лицензиялоо (байкоо) киргизилген товарлардын экспорту жана (же) импорту ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксаттар болгондо жүзөгө ашырылат. Автоматтык лицензиялоо убактылуу чара катары белгиленет жана товарлардын экспортун жана (же) импортун сандык чектөө же уруксат берүү тартибин киргизүү максатын көздөбөйт.
2. Автоматтык лицензиялоо киргизилген товарлардын тизмеги, автоматтык лицензиялоо мөөнөттөрү, ошондой эле товарлардын экспортуна жана (же) импортуна автоматтык лицензия берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет.
3. Автоматтык лицензия тышкы соода ишинин катышуучусунун автоматтык лицензия берүү жөнүндө арызынын негизинде алынышы мүмкүн. Мындай арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Автоматтык лицензия берүү жөнүндө арыз товарларды бажылык тариздөөгө чейин ар кандай жумуш күнү берилиши мүмкүн. Автоматтык лицензия товарлардын экспортун жана (же) импортун чектебөө үчүн мүмкүн болушунча токтоосуз берилет. Автоматтык лицензияны берүү мөөнөтү аны берүү жөнүндө арызды алган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашууга тийиш эмес.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-19" title="19-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>