16-берене. Экспортко жана импортко тыюу салуулар жана сандык чектөөлөр
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, өзгөчө учурларда товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна төмөнкүдөй максаттарда тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилиши мүмкүн:
1) коомдук моралды жана укук тартибин сактоо;
2) адамдын өмүрүн жана ден соолугун, курчап турган чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо;
3) алтындын же күмүштүн экспортун жана (же) импортун жөнгө салуу;
4) маданий баалуулуктарды жана маданий мурастарды коргоо;
5) орду толгус жаратылыш ресурстарын ички өндүрүүнү жана керектөөнү бир эле учурда чектөө менен алардын жок болушун четтетүү;
6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
8) товарлардын жалпы же жергиликтүү тартыштыгында аларды сатып алуу же бөлүштүрүү.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-16" title="16-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>