15-берене. Тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) тыюу салуу;
2) сандык чектөөлөр;
3) уруксат берүү тартиби;
4) автоматтык лицензиялоо (байкоо).
2. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилиши мүмкүн.
3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде купуя маалымат камтылган маалыматтарды берет.
4. Маалымат Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-15" title="15-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>