14-берене. Тарифтик квоталар
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө төмөнкүлөр белгилениши мүмкүн:
1) товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүгө же ташып чыгууга тарифтик квоталар;
2) ташып келүүгө же ташып чыгууга карата тарифтик квоталар колдонулган товарларга бажы алымдарынын ички квоталык ставкалары жана квотадан тышкаркы ставкалары;
3) бөлүштүрүү методу, тартиби, көлөмү жана аларды колдонуу мөөнөтү.
2. Ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар тарифтик квоталарды өз компетенциясынын чегинде тарифтик квотаны бөлүштүрүү тартибине ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрөт.
3. Тарифтик квоталардын алкагында товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же ташып чыгуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген экспортко жана (же) импортко лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Экспортко жана (же) импортко лицензия берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-14" title="14-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>