15-берене. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуу
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 2-глава
1. Этил спиртин импорттоого төмөндөгү учурларда гана жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда же убактылуу токтотулуп турганда;
2) Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн спирттин көлөмүн кыскартууда же этил спиртинин суралган көлөмүн көбөйтүүдө;
2. Алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгуу же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында каралган тартипте ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарды сактоо менен уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү этил спирти жана/же алкоголдук продукция техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү алкоголдук продукциянын сапатын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112645/st-15" title="15-берене - Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>