МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-октябрындагы № 321 “Кыйыр салыктар боюнча отчеттун жана товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын формаларын толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __4 июнь__ 2026-ж. / г. № ___П-245___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-октябрындагы № 321 “Кыйыр салыктар боюнча отчеттун жана товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын формаларын толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 3-октябрындагы № 321 “Кыйыр салыктар боюнча отчеттун жана товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын формаларын толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун (FORM STI-123) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчетту (FORM STI-123) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын жана маалымат тутумдарын ылайык келтирсин.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү
(А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту кыйыр салыктарды толук жана өз убагында башкарууну камсыз кылуу үчүн аймактык салык органдарына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары К.А. Ысабековго жана
А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук 2026-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Төрага А.Н. Шыкмаматов
КР МК караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
04.06.2026-ж. № П-245 буйругуна
2-тиркеме
Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары – Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу тартибин аныктайт.
Ушул тартипте төмөнкү термин колдонулат:
Тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы – тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды жеткирүүнүн салык салынуучу наркы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген импорттун салык салынуучу наркы боюнча КНСтин салык базасы.
2. Кыйыр салыктар боюнча отчет “Кыйыр салыктар боюнча отчеттун” (FORM STI-123) (мындан ары – Отчет) формасынан жана кошумча нарк салыгы (мындан ары – КНС) жана акциздер боюнча салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү үчүн арналган анын төмөнкү тиркемелеринен турат:
- “Импортко КНС” (FORM STI-123-001)1-тиркеме;
- “Товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри” (FORM STI-123-002) 2-тиркеме;
- “Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркын колдонулуучу товардык позициялардын реестри” (FORM STI-123-003)
3-тиркеме;
- “КНСтен бошотулган импорт” (FORM STI-123-004) 4-тиркеме;
- “Акциз салыгы” (FORM STI-123-005) 5-тиркеме;
- “Спирт, алкоголдук жана спирт камтыган продукциялар боюнча операциялар” (FORM STI-123-006) 6-тиркеме;
- “Тамеки продукциясы боюнча операциялар” (FORM STI-123–007) 7-тиркеме;
- “Атайын эсеп (депозит)” (FORM STI-123–008) 8-тиркеме;
- “Акциз салынууга жатпаган акциздик товарлар”
(FORM STI-123–009) 9-тиркеме;
- “Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуучу субъект тарабынан импорттолгон товарлардын реестри” Отчетко (FORM STI-123-010) 10-тиркеме;
- “Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъект тарабынан түздөн-түз өзүнүн пайдалануусу үчүн импорттолгон товарлардын реестри” Отчетко (FORM STI-123-011) 11-тиркеме.
Эгерде субъект белгилүү бир салык мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттобосо, ошол салык мезгили үчүн Отчет берилбейт.
Эгерде салык салынуучу субъект тиркемелердин кайсы бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөргө ээ болбосо, мындай тиркеме толтурулбайт.
3. Товарларды толук же жарым-жартылай кайтаруу товарлардын сапаты талаптагыдай эмес жана (же) комплектация себептери боюнча гана жүргүзүлөт.
4. Импорттолгон товарлар толук же жарым-жартылай кайтарууда салык төлөөчү бул тууралуу салыктык катталган жери боюнча салык органына жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын (мындан ары – СӨП) аймактык бөлүмүнө товарларды кайтаруу датасына чейин 15 календардык күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабарлайт.
5. Товарлардын жарым-жартылай же толук кайтарылуусу төмөнкүлөр менен тастыкталышы керек:
1) кайтарылуучу товарлар жөнүндө акт (СӨП жана салык органынын өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн);
2) келишимдин (контракттын) катышуучулары менен макулдашылган, кайтарылуучу товарларды кайтаруунун себебин, аталышын, санын жана наркын тастыктаган документтер;
3) товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысы, коштомо кагазы сыяктуу товарларды өткөрүп берүү жөнүндө документтер;
4) товарларды ташуу учурундагы товарды коштоочу документтер.
6. Товарларды эсепке алуу айында толук же жарым-жартылай кайтарууда товарларды ташып кирүү жана кайтарылган товарлардын импортунун Кыйыр салыктарын төлөө жөнүндө отчетто жана арызда (FORM STI-136) чагылдырылбайт;
7. Импорттолгон товарларды эсепке алуу айы аяктагандан кийин жарым-жартылай кайтарууда салык төлөөчү салык органына товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө такталган отчетту жана арызды (FORM STI-136) (мындан ары – Арыз) ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен берет.
8. Товарлар эсепке алуу айы аяктагандан кийин импорттолгон товарларды толук кайтарууда салык төлөөчү салык органына такталган отчетту берет.
9. Отчет салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.
10. Отчеттогу жана анын тиркемелериндеги көрсөткүчтөр математикалык эрежелер боюнча тегеректелип сом менен көрсөтүлөт
(50 тыйындан аз көрсөткүчтөрдүн мааниси азыраак жагына тегеректелет, 50 тыйын жана андан ашык көрсөткүчтөр сомго чейин тегеректелет).
11. Отчеттун 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында чагылдырылган Отчеттун тиркемелеринин ушул уячаларында чагылдырылган маалыматтар менен бирдей болушу керек.
12. Отчеттун жана анын тиркемелеринин датаны камтыган уячаларында дата “КК.АА.ЖЖЖЖ” (күнү, айы, жылы) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: “01.01.2025”.
13.Отчет салык төлөөчүнүн электрондук санариптик колтамгасы коюлган ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму аркылуу электрондук түрдө берилет.
14. Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилген электрондук документ түрүндөгү Кыйыр салыктар боюнча отчет жана анын тиркемелери ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форматка ылайык келбеген учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
2. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун (FORM STI-123) формасын толтуруу
1-бөлүм. “Салык төлөөчү жөнүндө маалымат”
15. 001-уячада:
1) - эгерде отчет отчеттук мезгил ичинде биринчи жолу берилип жатса – “X” түрүндөгү белги “алгачкы” уячасында көрсөтүлөт;
2) - эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн Отчет тапшырылып, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү отчетто оңдолсо, “X” түрүндөгү белги “такталган” уячасында көрсөтүлөт.
16. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСН көрсөтүлөт;
17. 103-уячада уюштуруу документтерине же паспортуна ылайык салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.
18. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча үч орундуу сандык белгилөөлөрдөн турган салык органынын коду жана анын аталышы көрсөтүлөт.
19. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт.
20. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
21. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, кыштак) көрсөтүлөт.
22. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
23. 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт.
24. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
25. 201-уячада Отчет берилүүчү салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жыл. Мисалы: “01.01.2025”.
26. 202-уячада Отчет берилген салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күн, айы жана жылы. Мисалы: “31.01.2025”.
27. Отчетту толтуруу үчүн алгач Отчеттун салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү бар тиркемелерин толтуруу зарыл.
2-бөлүм. “Отчет боюнча маалымат”
28. 049-уячада КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча салык салынуучу товарлардын импортунун жалпы наркы көрсөтүлөт.
29. 050-уячада отчеттук мезгил үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импортунун жалпы наркы КНСтин суммасын эсепке албастан, көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123–001) 199-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
30. 051-уячада Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарлардын импорту боюнча эсептелген КНСтин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
31. 052-уячада КНСтен бошотулган импорттолгон товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123–004) 399-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
32. 053-уячада импорттолуучу акциздик товарлар боюнча акциз салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123–005) 420-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
33. 054-уячада акциздерди төлөөдөн бошотулган акциздик товарлардын импортунун наркы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123–009) 920-сабынын чоңдугу көчүрүлөт.
34. 055-уячада товардын импортуна шарттуу эсептелген КНС суммасы көрсөтүлөт.
Бул уячага Отчеттун тиркемесинин (FORM STI-123–010) 8-графасынын чоңдугу көчүрүлөт.
35. 056-уячада импортко КНС AUDIT STI-007 камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим боюнча эсептелген учурда гана толтурулат, анда импортко КНСти текшерүүнүн жүрүшүндө салык органы тарабынан эсептелген сумма көрсөтүлөт.
36. 057-уячасы импортко акциз AUDIT STI-007 камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим боюнча эсептелген учурда гана толтурулат, анда импортко акцизди текшерүүнүн жүрүшүндө салык органы тарабынан эсептелген сумма көрсөтүлөт.
37. 058-уячада импорттко КНСтин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
38. 059-уячада импорттко акциздин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 051 жана 057-уячалардын суммаларынын айырмасы көрсөтүлөт.
39. Отчет боюнча төлөнүүчү кыйыр салыктардын суммасы тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонууну эске алуу менен товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарын төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына ылайык келиши керек.
3. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Импортко КНС»
(FORM STI-123–001) 1-тиркемесин толтуруу
40. 1-тиркеменин 102, 103, 103, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
41. 150-сапта лизингдин предметтеринин салык салынуучу импортунун наркы жана КНСтин эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
42. 151-сапта иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
43. 152-сапта транспорт каражаттарынын импортунун наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан КНСтин эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
44. 153-сапта Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген (ташып киргизилүүчү) товарлардын башка салык салынуучу импортунун наркы жана тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонууну эске албастан КНСтин эсептелген суммасы (150, 151 жана
152-саптардан тышкары) көрсөтүлөт.
Эскертүү. Шарттуу эсептөөдө импортко КНСти төлөнгөн учурда товарлардын наркы "Салык салынуучу импорттун наркы" графасынын 153-сабында көрсөтүлөт.
45. 198-сапта тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонууну эске алуу менен товарлардын наркынын көбөйүшүнөн жана КНСтин суммасын эсептөөдөн келип чыккан айырмачылыктардын жыйынтык көрсөткүчү көчүрүлөт.
46. Бул сапка «Тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товардык позициялардын реестри» отчетунун
(FORM STI-123–003) 3-тиркемесинин 11 жана 12-графаларынын суммалык жыйынтык көрсөткүчтөрү көчүрүлөт.
47. 199-сапта салык салынуучу товарлардын импортунун жыйынтык наркы жана 150-198-саптарда чагылдырылган импортко КНСти кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
199-сапта көрсөтүлгөн КНСтин эсептелген суммасы Отчеттун 2-тиркемесинин (FORM STI-123-002) 8-графасында жана Отчеттун 3-тиркемесинин (FORM STI-123-003) 12-графасында көрсөтүлгөн КНСтин суммасына бирдей болушу керек.
«Салык салынуучу импорттун наркы» 199-саптын көрсөткүчү Отчеттун (FORM STI-123) 050-уячасына көчүрүлөт.
«Импортко КНСтин суммасы» 199-саптын көрсөткүчү Отчеттун (FORM STI-123) 051-уячасына көчүрүлөт.
Салык салынуучу импорттун наркы Салык кодексинин 311-беренесине ылайык аныкталат.
Салык салынуучу импортко Салык кодексинин IX бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулган жана КНС боюнча салык салуу объектиси болуп саналбаган импорт киргизилбейт.
4. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри» (FORM STI-123-002) 2-тиркемесин толтуруу
48. Бул форма Товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздар (FORM STI-136) боюнча маалыматтарды чагылдыруу үчүн арналган.
49. «Товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестри» (мындан ары – Реестр) 2-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
50. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
51. 2-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына импорт жүргүзүлгөн экспорттоочу өлкөнүн санариптик коду (Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы – 112, Казакстан Республикасы – 398, Кыргыз Республикасы – 417) көрсөтүлөт.
52. 3-графада салык органы тарабынан ыйгарган Арыздын номери көрсөтүлөт.
53. 4-графада МСКнын маалымат тутумуна Арыздын келип түшкөн датасы көрсөтүлөт.
54. 5-графада Арызда чагылдырылган товардын наркы көрсөтүлөт.
55. 6-графада тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы эске алуу менен нарктын өсүшү көрсөтүлөт (эгерде товар КНСтин салыктык базасы белгиленген тобокелдик белгилери бар товарлардын тизмесине кирсе).
56. 7-графада эгерде товар акциздик болуп саналса, акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
57. 8-графада 5-графада көрсөтүлгөн товарлардын наркынан эсептелген импортко КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
58. 9-графада 6-графада көрсөтүлгөн товарлардын наркынан эсептелген импортко КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
59. 10-графада Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлар боюнча чегерүүгө жаткан КНСтин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык импорттолуучу товарлар боюнча чегерүүгө жаткан КНСтин суммасы чагылдырат.
5. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товардык позициялардын реестри» (FORM STI-123–003) 3-тиркемесин толтуруу
60. Бул форма тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товардык позициялар боюнча маалыматтарды чагылдыруу үчүн арналган.
61. 3-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
62. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
63. 2-графада тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товардын ТЭИ ТНдин он орундуу коду көрсөтүлөт.
64. 3-графада тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товардын аталышы көрсөтүлөт.
65. 4-графада тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган арыздын сабынын номери көрсөтүлөт.
66. 5 жана 6-графаларда тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган арыздын номери жана датасы көрсөтүлөт.
67. 7-графада келишимде (контрактта) жана/же товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн товардын бирдиги үчүн иш жүзүндөгү баа көрсөтүлөт. Мында товардын өлчөө бирдигин ЕАЭБдин ТЭИ ТН коддоруна ылайык өлчөө бирдиктеринде көрсөтүү керек.
68. 8-графада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бекитилген жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жарыяланган товардын бирдиги үчүн тобокелдик белгилери бар КНСтин салык базасынын белгиленген өлчөмү көрсөтүлөт.
69. 9-графада 10-графада көрсөтүлгөн товардын өлчөө бирдиктеринде тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товардын саны көрсөтүлөт.
70. 10-графада тобокелдик белгилери бар, КНСтин салык базасы колдонулуучу товарлардын тизмесине ылайык толтурулуучу өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
71. 11-графада тобокелдик белгилери бар КНСтин салык базасы колдонулгандан кийин товардын наркынын айырмасы көрсөтүлөт. Айырманы эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт: (8-графанын көрсөткүчү - 7-графанын көрсөткүчү) 9-графанын көрсөткүчү =
11-графанын көрсөткүчү.
72. 12-графада товардын наркындагы айырмадан эсептелген КНСтин суммасы көрсөтүлөт (11*12% графа).
73. 11 жана 12-графалардын жыйынтык маанилери Отчеттун
(FORM STI-123–001) 1-тиркемесинин 198-сабына көчүрүлөт.
6. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Кошумча нарк салыгынан бошотулган импорт» (FORM STI-123–004) 4-тиркемесин толтуруу
74. Бул форма кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан импорттолуучу товарлар боюнча маалыматтарды көрсөтүү үчүн арналган.
75. 3-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келиши керек.
76. 350-сапта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катарында ташып келинүүчү товарлардын наркы көрсөтүлөт.
77. 351-сапта 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон импорттолуучу товарлардын наркы көрсөтүлөт, эгерде товар төмөнкүлөр катары ташып киргизилсе:
1) түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар;
2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча сатылып алынган товар.
78. 352-сапта ташып киргизилген жаратылыш газынын наркы көрсөтүлөт.
79. 353-сапта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык импорттолуучу дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын наркы көрсөтүлөт.
80. 354-сапта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык айнек кайнатуучу мештерди жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлардын наркы көрсөтүлөт.
81. 355-сапта ТЭИ ТН негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык асыл-тукум айыл чарба малдары жана үрөндүк материалдардын, минералдык жер семирткич жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.
82. 356-сапта ТЭИ ТН негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык ташып келинүүчү куралдардын, аскер техникасынын, аскер мүлкүнүн, атайын техниканын жана атайын каражаттардын наркы көрсөтүлөт.
83. 357-сапта импорттолуучу электр энергиясынын наркы көрсөтүлөт.
84. 358-сапта ККМдин реестрине киргизилген ККМдин жана аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү жана/же запастык бөлүктөрүнүн наркы көрсөтүлөт.
85. 359-сапта эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырган аба кемелерине май куюу үчүн борттук камылгалар катары май куюучу уюмдар импорттогон реактивдүү отундун наркы көрсөтүлөт.
86. 360-сапта социалдык маанидеги объекттер жөнүндө келишим боюнча импорттогон товарлардын наркы көрсөтүлөт.
87. 361-сапта зергердик буюмдарды өндүрүү үчүн арналган, мындай буюмдарды өндүрүүчү тарабынан өздүк өндүрүштүк максаттар үчүн импорттолуучу металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинаждалган металлдардын наркы көрсөтүлөт.
88. 398-сапта 350–361 саптарда көрсөтүлбөгөн башка товарлар боюнча товарлардын наркы көрсөтүлөт.
89. 399-сапта Салык кодексинин 297–299, 301-беренелерине жана/же эл аралык келишимдерге ылайык КНСтен бошотулган импорттун жалпы наркы көрсөтүлөт.
Бул сапка 350–398-саптардын маанилеринин жыйынтык суммасы киргизилет. 399-саптын көрсөткүчү Отчеттун 052-уячасына көчүрүлөт.
7. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Акциз салыгы»(FORM STI-123–005) 5-тиркемесин толтуруу
90. Отчеттун 5-тиркемесинин (FORM STI-123–005) уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте ишке ашырылат.
91. 5-тиркеменин (FORM STI-123–005) 102, 103, 104, 107, 201 жана
202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келиши керек.
92. «Акциз салыгы» 5-тиркемени (FORM STI-123–005) толтуруу үчүн алгач салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү бар тиркемелерди толтуруу зарыл.
93. Отчеттун «Акциз салыгы» 5-тиркемесин (FORM STI-123–005) толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүү менен башталат жана 5-тиркеменин көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
94. 401-уячага Отчеттун 6-тиркемесинин (FORM STI-123–005)
6-графасынын жыйынтык сабында көрсөтүлгөн алкоголдук жана спирт камтылган продукцияга эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көчүрүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда импорттолуучу алкоголдук продукциянын көлөмүн литр менен көрсөтүү керек.
95. 402-уячага 7-тиркеменин (FORM-123–005) 6-графасында көрсөтүлгөн тамеки продукциясына акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көчүрүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда сигареттердин жана сигариллалардын көлөмү миң даана менен, сигаралар даана менен, түтүктүү, тамеки тартуучу, чайноочу, соруучу, жыттоочу, кальян тамекиси (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекиден тышкары) – килограмм менен, цилиндр формасындагы ысытуучу тамекиси бар буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы (таяк), ысытылуучу тамеки капсуласы): 2023-жылдын
1-январынан 30-апрелине чейин ичинде-миң даана, 2023-жылдын 1-майынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин, 2027-жылдын 1-январынан тартып кошуп алаганда тамеки аралашмасы килограмм менен, чачкын түрдө ысытылган тамеки килограмм менен, картридждерде, резервуарларда жана электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн башка контейнерлерде никотин камтыган суюктукта - миллилитр менен, никотиндик суюктук менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук системасында - бир даанада, электрондук жана ушуга окшош жеке электрдик буулантуучу түзүлүштөрдүн сигареттеринде (никотинди жеткирүүнүн электрондук системасы) – даана менен көрсөтүлөт.
96. 403-уячада Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майга жана башка өнүмдөргө; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөргө: отун катары пайдалануу үчүн бензолго акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майдын жана башка өнүмдөрдүн; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөрдүн: отун катары пайдалануу үчүн бензолдун көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
97. 404-уячада Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген жаратылыш газ конденсатына: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/мЗ кем эмес, бирок 850 кг/мЗ көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатына, башкаларга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда жаратылыш газ конденсатынын: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес жана салмагы 1,0 %дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатынын, башкалардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
98. 405-уячада Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген чийки мунайга жана битуминоздук материалдардан алынган чийки мунай заттарына акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда чийки мунайдын жана битуминоздук материалдардан алынган чийки мунай заттарынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
99. 406-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген мотор бензиндерине, атайын, жеңил жана орто дистилляттарга, башка бензиндерге, дистилляттар жана компоненттерге акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда мотор бензиндеринин, атайын, жеңил жана орто дистилляттарынын, башка бензиндердин, дистилляттар жана компоненттердин көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
100. 407-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген башка мунай заттарына (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда башка мунай заттарынын (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
101. 408-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отундун көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
102. 409-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген дизелдик отунга, газойлдорго, оор дистилляттарга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда дизелдик отундун, газойлдун, оор дистилляттардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
103. 410-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген мазутка акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда мазуттун көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
104. 411-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген майлоочу майларга, башка майларга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда майлоочу майлардын, башка майлардын көлөмүн 1000 литр менен көрсөтүү керек.
105. 412-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлорго акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлордун көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
106. 413-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундуларга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундулардын көлөмүн 1000 литр менен көрсөтүү керек.
107. 414-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган сууларга, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларга акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулардын, анын ичинде минералдык жана газдалган суулардын көлөмү литр менен көрсөтүлөт.
108. 415-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу энергетикалык, алкоголсуз суусундуктардын акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда көлөмү литр менен көрсөтүлөт.
109. 416-сапта Салык кодексинин 43-беренесине ылайык эсептелген 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (СКГ) акциз салыгын эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасында маалыматтарды чагылдырууда автомобиль отуну катары пайдаланылуучу СКГнын көлөмү тонна менен көрсөтүлүшү керек.
110. 420-сапта 401–416-саптарда көрсөтүлгөн акциз салыгын эсептөөнүн суммаланган жыйынтыгы көрсөтүлөт. «Салык салынуучу көлөм» графасынын жыйынтык маанилери өлчөө бирдигине (даана, миң даана, кг, миллилитр, литр, тонна, 1000 литр) ылайык көрсөтүлөт.
111. «Депозит» II бөлүмүнүн 421–423-уячаларын толтуруу иштетип алуунун негизинде акциздик товарларды өндүргөн салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кийин экспорттоо менен, иштетип алуунун негизинде акциздик товарларды өндүрүү үчүн чийки затты импорттогон субъект тарабынан ишке ашырылат.
Эскертүү. Салык кодексинин 331-беренесинин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды, анын ичинде аларды иштетип алуунун негизде өндүргөн жана/же акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект акциз салыгын төлөөчү болуп саналат.
Иштетип алуунун негизинде акциздик товарларды өндүрүү бөлүгүндө субъекттер акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, акциз салыгын төлөөчү болуп иштетип алма чийки заттын ээси саналат.
112. 421–423-уячаларды толтурууда отчеттук айдагы маалыматтарды көрсөтүү керек. 421-уячада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке төлөнгөн акциз салыгынын суммалары көрсөтүлөт.
422-уячада мурда депозиттик эсепке төлөнгөн, алар боюнча акциздик продукцияны экспорттоону ырастаган документтер берилбеген жана аларды берүү мөөнөтү бүткөн акциздин суммасы көрсөтүлөт. 423-уячада акциздик продукцияны экспорттоону ырастаган тиешелүү документтер берилген отчеттук мезгил боюнча акциздин суммасы көрсөтүлөт.
8. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар»(FORM STI-123–006) 6-тиркемесин толтуруу
113. Кыйыр салыктары боюнча отчеттун «Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар боюнча операциялар» (FORM STI-123–006) 6-тиркемесинде (мындан ары – 6-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон алкоголдук жана спирт камтылган суусундуктар тууралуу маалымат көрсөтүлөт. 6-тиркемени толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.
114. 6-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келиши керек.
115. 1-графада отчеттук мезгилдин ичинде ташып келинген алкоголдук жана спирт камтылган суусундуктардын түрлөрү көрсөтүлөт.
116. 2-графада импорттолуучу акциздик товарлардын ТЭИ ТН он орундуу коду көрсөтүлөт.
117. 3-графада ташып келинген алкоголдук продукциянын
1 литриндеги суу кошулбаган этил спиртинин курамы, башкача айтканда көлөмдүү пайыздарда көрсөтүлгөн суусундуктун күчтүүлүгү көрсөтүлөт.
118. 4-графада ташып келинген алкоголдук жана спирт камтылган продукциялардын салык салынуучу көлөмү литр менен көрсөтүлөт.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 168 «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык этил спиртин импорттоого төмөндөгү учурларда гана жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда же убактылуу токтотулуп турганда;
2) Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн спирттин көлөмүн кыскартууда же этил спиртинин суралган көлөмүн көбөйтүүдө;
119. 5-графада алкоголдук жана спирт камтылган продукциялардын ар бир түрүнө акциз салыгынын колдонуудагы ставкасы көрсөтүлөт.
120. 6-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
43-беренесине ылайык эсептелген акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт. 6-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун «Акциз салыгы» (FORM STI-123–005) 5-тиркемесинин 401-уячасына көчүрүлөт.
9. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Тамеки продукциясы боюнча операциялар» (FORM STI-123–007) 7-тиркемесин толтуруу
121. Отчеттун «Тамеки продукциясы боюнча операциялар»
(FORM STI-123–007) 7-тиркемесинде (мындан ары – 7-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон тамеки буюмдары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. «Тамеки продукциясы боюнча операциялар» 7-тиркеменин уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.
122. 7-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келиши керек.
123. 1-графада отчеттук мезгил ичинде ташып келинген тамеки буюмдарынын түрлөрү (чыпкалуу тамекилер, чыпкасыз тамекилер жана папирос, сигаралар, сигариллалар, түтүктүү, чегүүчү, чайноочу, соруучу, жыттоочу, кальяндык тамеки, (тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдаланылган тамекини кошпогондо), ысытылган тамекиси бар цилиндр формасындагы буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы (таякча), ысытылган тамеки капсуласы), чачылма түрдөгү ысытылган тамеки, электрондук тамекилерди пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук, бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдары, электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) көрсөтүлөт.
124. 2-графада импорттолуучу акциздик товарлардын ТЭИ ТН он орундуу коду көрсөтүлөт.
125. 3-графада өлчөө бирдиги көрсөтүлөт (1000 даана, даана, килограмм, миллилитр менен көрсөтүлөт).
126. 4-графада тамеки продукциясынын ар бир түрүнө акциз салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
127. 5-графада ташып келинүүчү тамеки продукциясынын салык салынуучу көлөмү көрсөтүлөт.
128. 6-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
43-беренесине ылайык эсептелген акциз салыгынын суммасы чагылдырылат. 5 жана 6-графалардын жыйынтык мааниси Отчеттун «Акциз салыгы» (FORM STI-123-005) 5-тиркемесинин 402-уячасына көчүрүлөт.
10. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Атайын эсеп (депозит)» (FORM STI-123-008) 8-тиркемесин толтуруу
129. «Атайын эсеп (депозит)» (FORM STI-123-008) 8-тиркеме иштетип алуунун негизинде акциздик товарларды өндүрүүнү ишке ашырган салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик продукцияларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына кийин ташып чыгуу менен, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден иштетип алма негизиндеги акциздик товарларды өндүрүү үчүн чийки заттарды ташып кирүүчү салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
130. «Атайын эсеп (депозит)» (FORM STI-123–008) 8-тиркеменин уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат.
131. 8-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келиши керек.
132. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.
133. 2-графада отчеттук мезгилдин ичинде ташып келинген иштетип алма чийки заттын аталышын көрсөтүү зарыл.
134. 3-графада ташып келинген иштетип алма чийки заттын ТЭИ ТНдин он орундуу коду көрсөтүлөт.
135. 4-графада ташып келинген иштетип алма чийки заттын саны көрсөтүлөт. Мында, спирт, спирт камтылган суюктуктар, жүзүм суслосу литр менен, мунай жана мунай продуктылары – тонна менен көрсөтүлөт.
136. 5-графада отчеттук мезгилдин ичинде кайра иштетилген иштетип алма чийки заттын көлөмү көрсөтүлөт. Көлөм литр (спирт жана жүзүм суслосу үчүн), тонна (чийки мунай жана мунай продуктылары үчүн) менен көрсөтүлөт.
137. 6-графада мурдагы мезгилдердеги калдыктарды эсепке алуу менен, кампадагы иштетип алма чийки заттын жалпы калдыгы көрсөтүлөт. Иштетип алма чийки заттын калдыктарын ушул Тартиптин
1239-пунктуна ылайык бирдиктер менен көрсөтүү керек.
138. 7-графада иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн жана экспортко жөнөтүлүүгө тийиш акциздик товардын аталышы көрсөтүлөт.
139. 8-графада иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн жана экспортко жөнөтүлүүгө тийиш акциздик товардын саны көрсөтүлөт. Акциздик товардын санын алкоголдук жана спирт камтыган продуктулар үчүн литр жана КММ үчүн тонна менен көрсөтүү керек.
140. 9-графада өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
141. 10-графада акциз салыгынын колдонулуудагы ставкасы көрсөтүлөт.
142. 11-графада депозиттик эсепке салынууга тийиш акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
143. 12-графада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке иш жүзүндө салынган акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт. 12-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун «Акциз салыгы» (FORM STI-123-005)
5-тиркемесинин 421-уячасына көчүрүлөт.
144. 13-графада мурдагы салык мезгилдерде акциздик товарлардын экспортун ырастаган тиешелүү документтерди берүүнүн мөөнөтү келген, бирок документтер берилбеген акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
13-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун «Акциз салыгы» (FORM STI-123–005) 5-тиркемесинин 422-уячасына көчүрүлөт.
145. 14-графада акциздик товарлардын экспортун ырастаган, салык төлөөчүгө кайтарылууга тийиш болгон тиешелүү документтер берилген акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт. 14-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун «Акциз салыгы боюнча отчет» (FORM STI-123–005)
5-тиркемесинин 423-уячасына көчүрүлөт.
11. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Акциз салыгы салынбай турган акциздик товарлар» (FORM STI-123–009) 9-тиркемесин толтуруу
146. Отчеттун «Акциз салыгы салынбай турган акциздик товарлар» (FORM STI-123–009) 9-тиркемесинде (мындан ары – 9-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон, акциз салыгы салынбай турган акциздик товарлар тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. 9-тиркеменин уячаларын толтуруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт.
147. 9-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Отчеттун тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен шайкеш келиши керек.
148. 1-графада отчеттук салык мезгилинин ичинде импорттолгон жана акциз салыгы салынбай турган акциздик товарлардын түрлөрү көрсөтүлөт.
Эскертүү. Салык кодексинин 347-беренесинин ченемдерине ылайык, акцизди төлөөдөн төмөнкү импорттолуучу товарлар бошотулат:
1) жүктөрдү, багажды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон товарлар, жол жүрүү учурунда жана орто жолдогу токтоо пункттарында;
2) «Ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруунун» бажы жол-жобосун кошпогондо, ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ташылуучу, ЕАЭБ бажы мыйзамдарында белгиленген бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар;
3) конфискацияланган, ээсиз баалуулуктар, ошондой эле мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн баалуулуктар.
149. 5-графада акциз салыгы салынбай турган импорттолгон акциздик товарлардын саны көрсөтүлөт. 5-графаны толтурууда акциздик товарлардын санын төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
- КММ үчүн тонна менен;
- майлоочу майлар, башка майлар жана битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошундулар үчүн 1000 литр менен;
- алкоголдук жана спирт камтылган ичимдиктер үчүн литр менен;
- чыпкалуу же чыпкасыз тамекилер, сигариллдер үчүн 1000 даана менен;
- сигарлар үчүн даана менен;
- башка тамеки буюмдары үчүн миллилитр же килограмм менен;
- курамында кант кошумалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар литр менен көрсөтүлөт;
- 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу энергетикалык, алкоголсуз суусундуктар литр менен;
- 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу СКГ тонна менен.
150. 6-графада коштоочу документтерге (келишим, инвойс, эсеп-фактура) ылайык акциз салыгы салынбай турган акциздик товарлардын наркы көрсөтүлөт.
151. «Импорттолгон акциздик товарлардын наркы» 6-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун 054-уячасына көчүрүлөт.
12. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъект тарабынан импорттолгон товарлардын реестри» (FORM STI-123-010) 10-тиркемесин толтуруу
152. Отчеттун «Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъект тарабынан импорттолгон товарлардын реестри» (FORM STI-123-010) 10-тиркемесинде (мындан ары – 10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
10-тиркеменин уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт.
153. 10-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун тийиштүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келиши керек.
154. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
155. 2-графада отчеттук салык мезгилинин ичинде импорттолгон товардын аталышын көрсөтүлөт.
156. 3-графада импорттолуучу товарлардын ТЭИ ТН он орундуу кодун көрсөтүлөт.
157. 4-графада товарларды эсепке алуу датасы көрсөтүлөт.
158. 5-графада товарлардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
159. 6-графада импорттолгон товарлардын саны көрсөтүлөт.
160. 7-графада коштоочу документтерге (келишим, инвойс, эсеп-фактура) ылайык товарлардын наркы көрсөтүлөт.
161. 8-графада товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө суммасы көрсөтүлөт.
162. 7, 8-графаларында «Жыйынтык» сабынын мааниси тиркеме боюнча саптарды суммалоо жолу менен толтурулат.
163. «КНС шарттуу эсептөө суммасы» 8-графасынын жыйынтык мааниси Отчеттун 055-уячасына көчүрүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө товарлардын экспорту ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНС суммасы бюджетке которулат жана салык төлөөчү такталган Отчетту берүүгө милдеттүү, мында салык салынган импорттун наркы жана импортко КНС суммасы ушул Тартиптин 28-29-пунктарына ылайык Отчеттун 050 жана 051-уячаларында көрсөтүлөт.
13. Кыйыр салыктар боюнча отчеттун «Товарларды импорттоодо КНСтин шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттин жеке пайдалануу үчүн ташылып келинген товарлардын реестри» (FORM STI-123-011) 11-тиркемесин толтуруу
164. Отчеттун «Товарларды импорттоодо КНСтин шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттин жеке колдонуу үчүн ташылып келинген товарлардын реестри» (FORM STI-123-011) 11-тиркемесинде (мындан ары – 11-тиркеме) Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер жеке пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
11-тиркеменин уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт.
165. 11-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун тийиштүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келиши керек.
166. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
167. 2-графада отчеттук салык мезгилинин ичинде импорттолгон товардын аталышын көрсөтүү керек.
168. 3-графада импорттолуучу товарлардын ТЭИ ТН он орундуу кодун көрсөтүлөт.
169. 4-графада товарларды эсепке алуу датасы көрсөтүлөт.
170. 5-графада товарлардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
171. 6-графада импорттолгон товарлардын саны көрсөтүлөт.
172. 7-графада коштомо документтерге (келишим, инвойс, эсеп-фактура) ылайык жеке пайдалануу үчүн товарларды импорттоонун салык салынуучу импортунун наркы көрсөтүлөт.
173. 8-графада товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө боюнча өздүк пайдалануу үчүн суммасы көрсөтүлөт.
174. 7-графанын «Жыйынтык» сабынын мааниси «Импортко КНС» отчеттун (FORM STI-123–001) 1-тиркемесинин «Салык салынуучу импорттун наркы» графасынын «150, 151 жана 152-саптарында көрсөтүлбөгөн товарлардын башка салык салынуучу импорту»
153-уячасында көрсөтүлөт.
175. 8-графанын «Жыйынтык» сабынын мааниси «Импортко КНС» отчеттун (FORM STI-123–001) 1-тиркемесинин «Импортко КНС суммасы» графасынын 153-уячасында көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил келип жеткенге чейин алып келинген активдер ээликтен ажыратылган учурда салык төлөөчү мындай актив ажыратылган айдан кийинки айдын 1нен тартып жалпы салык режими боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү. Мында, ушул активди алып кирген учурдан тартып импортко КНС боюнча салыктык милдеттенме келип чыгат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 168