16-берене. Алкоголдук продукцияны сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан өздүгүн ырастоочу документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 3-глава
1. Жашы болжол менен 18 жаштан төмөн болгон адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сатып алуучунун жаш курагын аныктоо максатында өздүгүн ырастоочу документтерди - жарандын паспортун (ID-карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге анык аскердик кызмат өтөгөн офицердин күбөлүгү, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук күбөлүгү же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы өздүгүн ырастоочу документтер кирет;
2) өздүгүн ырастоочу документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияны сатуудан баш тартууга;
3) 18 жашка толо элек адамдарга, өздүгүн ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө. алкоголдук продукцияларды колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды алкоголдук продукция сатылган жерлерге жайгаштырууга.
2. Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112645/st-16" title="16-берене - Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>