Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча ишке коюлуучу квалификациялык талаптар (критерийлер)
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 2-глава
1. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу объекттерди жайгаштыруу орундарын аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү;
2) керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздук талаптарын камсыз кылуунун регламенттөөчү техникалык документтердин (техникалык жөнгө салуу жана метрология, өрт коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы документтердин) болушу;
3) дат баспаган болоттон жасалган резервуарлардын же ички бети эмаль менен капталган резервуарлардын болушу;
4) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча лицензияланган ишти жүзөгө ашырууда эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү өлчөөчү приборлор менен жабдылган калибрленген сыйымдуу жабдуунун болушу;
5) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, чийки заттын, көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатына химиялык жана технологиялык контроль жүргүзүү үчүн сыноочу лабораториянын болушу;
5) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү камсыз кылуу үчүн тараза жана өлчөө чарбасынын, басымды, температураны жана нымдуулукту өлчөөчү приборлордун, сыноочу лабораториянын приборлорунун жана аппараттарынын болушу;
7) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү менен видеобайкоо системасынын болушу;
8) өндүрүштү, чийки заттын, көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатын химиялык жана технологиялык контролдоону жүргүзүүгө аккредиттелген лаборатория менен келишимдин болушу;
9) продукцияны кабыл алууну, сактоону, берүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн гана багытталган кампа жайларынын болушу;
10) этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн технологиялык жабдуулардын ушул өндүрүштөр үчүн мыйзамдардын талаптарына ылайык иштөөсүн камсыз кылуучу ысык жана муздак суу менен жабдуунун буу, муздак, электр менен жабдуунун, канализациянын жана желдетүүнүн стационардык коммуникацияларынын болушу;
11) техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык даяр продукцияны, өндүрүштүн кошумча продуктуларын, чийки заттарды, көмөкчү материалдарды, керектөө тараларын сактоо үчүн шарттардын болушу;
12) өндүрүштүн жана сыноочу лабораториянын ченөө каражаттары жана өлчөөлөрдү аткаруу методикасы менен метрологиялык камсыз кылуу;
13) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө иштегендердин эмгек шарттарынын санитардык-гигиеналык ченемдердин жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуучу атайын кийимдердин жана башка коргоочу каражаттардын болушу.
2. Этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүү боюнча ишке коюлуучу кошумча квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өндүрүүчү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген өндүрүш паспортунун болушу;
2) санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген менчик укугундагы имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын менчик укугунда болушу;
3) этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүү боюнча брагоректификациялык түзүлүштүн жана анын өндүрүштүк кубаттуулуктун 50 пайызынан кем эмес өлчөмдө анын жүктөлүшүн камсыз кылуучу тиешелүү технологиялык жабдуунун болушу;
4) технологиялык процесстин жүрүшүндө пайда болуучу суюк барданы жана көмүр кычкыл газын өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн жабдуулардын менчик укугунда болушу;
5) сыноо лабораториясында хроматографиялык жабдуулардын болушу;
6) жабдуунун спецификациясы жана аларды жайгаштыруунун компановкалык пландары бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болушу;
7) этил спиртин өндүрүү үчүн чийки затты түздөн-түз жеке жана/же юридикалык жактардан - чийки затты даярдоочулардан сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу.
3. Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө коюлуучу кошумча квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген жабдуулардын менчик укугунда болушу;
2) жабдуулардын спецификациясы жана аларды жайгаштыруунун компановкалык пландары бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болушу;
3) сууну даярдоо жана суунун техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн жабдуулардын болушу;
4) этикеткалоочу жана тыгындоочу продукцияларды, керектөө тараларын даярдоочу ишканалардан түздөн-түз сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу;
5) эгерде мындай өндүрүштүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануу ченемине ылайык келбесе, арак өндүрүүнү жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
Арак өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууларды пайдалануу убактылуу токтотулуп турган учурда мындай токтотуп туруу мезгили уюмдун өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануу ченемин сактабагандыгынын фактысын белгилөөдө эске алынбайт;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн чийки затты жеке жана/же юридикалык жактардан - чийки затты даярдоочулардан түздөн-түз сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу.
4. Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн ченемдерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын…Приказ · 08.05.2024 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү…Постановление · 29.04.2026 · № 308
- МСКнын 2025-жылдын 12-декабрындагы №711 "Лицензиялык текшерүү барагынын формасын, лицензиялык текшерүү планын түзүү критерийлерин жана 2026-жылга лицензиялык текшерүүлөрдү…Приказ · 12.12.2025 · № 711
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112645/st-10" title="10-берене - Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>