МСКнын «Лицензиялык текшерүү барагынын формасын, лицензиялык текшерүү планын түзүү критерийлерин жана 2026-жылга лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү планын бекитүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __12 декабрь__ 2025-ж. / г. № ___711___ | г. Бишкек ш. |
Лицензиялык текшерүү барагынын формасын, лицензиялык текшерүү планын түзүү критерийлерин жана 2026-жылга лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 28-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Лицензиялык контроль жүргүзүү тартибинин 6 жана 21-пункттарын аткаруу, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгы тарабынан лицензияттын лицензиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– лицензиялык текшерүү барагынын формасы 1-тиркемеге ылайык;
– лицензиялык текшерүү планын түзүү критерийлери 2-тиркемеге ылайык;
– 2026-жылга лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү планы (мындан ары – План) 3-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги:
– Пландын белгиленген мөөнөттөрдө сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдоону камсыз кылсын;
– ай сайын 15-күнүнө карата акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн жана маркалоону башкарууну контролдоо башкармалыгына Пландын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турусун.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Б.М. Джиенбековго жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. Б.М. Джиенбеков
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык
кызматынын 12 декабрь 2025-ж./г.№ 711
буйругуна 1-тиркеме
Лицензиялык текшерүү барагы
Лицензиялануучу иштин түрү:
алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же дүң сатуу максатында сактоо)
Текшерүүнү дайындаган лицензиардын ыйгарым укуктуу адамы:
Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги
Лицензиаттын аталышы:
Лицензиянын датасы жана №:
Лицензиаттын байланыш маалыматтары:
Лицензиаттын юридикалык дареги:
Текшерилүүгө тийиш объекттин дареги:
Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү:
Текшерилүүчү мезгил:
| № | Алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же дүң сатуу максатында сактоо) боюнча ишке карата лицензиялык талаптар | Ченемдик акт | Талапка шайкештиги | Комментарий | |
| Ооба | Жок | ||||
| 1 | Этил спиртин өндүүрүүгө жана/же жүгүртүүгө лицензиянын болушу. | Кыргыз Республикасынын «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын9-беренесинин 12-бөлүгүнүн 3-пункту | |||
| 2 | Менчик укугунда же ижара укугунда таандык өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу; | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 156-пункту | |||
| 3 | Этил спиртин жүгүртүүнүн жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте декларациялоо; | ||||
| 4 | Алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн технологиясын сактоо; | ||||
| 5 | Алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүрүүчү төмөнкүдөй коштоочу документтердин болушу: – этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын коопсуздугунун техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү: – жүктүн бажы декларациясынын көчүрмөсү (импорттолгон этил спирти, алкоголдуу жана спирттүү продукция үчүн); | ||||
| 6 | Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылып жаткан аракты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген минималдуу дүң-өткөрүү жана чекене баадан төмөн эмес сатуу; | ||||
| 7 | Алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымды төлөө; | ||||
| 8 | Сатылуучу алкоголдук продукцияга акциздик маркалардын болушу жана шайкештиги; | ||||
| 9 | Бажы бирлигинин “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” (ББ ТР 022/2011) жана “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 005/2011) жана “Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө” (ЕАЭБ ТР 047/2018) "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 021/2011) техникалык регламенттеринин жана тиешелүү мамлекеттик стандарттардын талаптарына шайкештиги; | ||||
| 10 | Алкоголдук продукцияны сактоого жана дүңүнөн, чекене сатууга жана/же контролдук-кассалык машинага лицензиясы жок субъекттерге алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салуу; | ||||
| 11 | Алкоголдук тармактын ишканаларында чийки заттын жана даяр продукциянын кыймылын эсепке алуу журналынын болушу; | ||||
| 12 | Лицензия алууга арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык лицензиялык ишти жүзөгө ашыруу; | ||||
| 13 | Алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча технологиялык нускаманын болушу. | ||||
| 14 | Төмөнкүлөрдө алкоголдук продукцияларды, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатууга жол берилбейт: | Кыргыз Республикасынын2023-жылдын8-августундагы № 168 “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын14-беренесинин 2-бөлүгү | |||
| балдардын, билим берүү уюмдарында жана аларга чектеш аймактарда, ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында; | |||||
| шаардык жана шаардын айланасындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы пайдалануудагы транспортто); | |||||
| маданий уюмдарда (аларда жайгашкан, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн уюмдарды же коомдук тамактануу пункттарын кошпогондо), дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулмаларда; | |||||
| 18 жаш куракка толо элек адамдарга; | |||||
| 18 жаш куракка толо элек адамдар тарабынан; | |||||
| ушул Мыйзамдын9-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштомо документтерсиз, маркалоосуз же жасалма акциздик марка менен маркаланган; | |||||
| массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлерде, аскердик соода объекттерин кошпогондо, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналарда, күркөлөрдө, ларектордо, убактылуу конструкцияларда, ошондой эле бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде. | |||||
| № | Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензиялык талаптар | Ченемдик укуктук акт | Талапка шайкештиги | Комментарий | |
| 1 | Этил спиртин өндүүрүүгө жана/же жүгүртүүгө лицензиянын болушу. | «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын9-беренесинин, 12-бөлүгүнүн 3-пункту | Ооба | Жок | |
| 2 | Менчик укугунда таандык болгон өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык жайлардын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын болушу; | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 152-пункту | |||
| 3 | Спирт сактоочу жайларда даяр продукцияны берүүнү жүзөгө ашыруучу идиштердеги чыгым өлчөгүчтөрдүн болушу; | ||||
| 4 | Продукцияны кабыл алууну, сактоону, берүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн гана арналган кампа жайларынын болушу; | ||||
| 5 | Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү менен спирт заводдоруна бардык кирүүлөрдө (чыгууларда) видеобайкоонун болушу; | ||||
| 6 | Этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте декларациялоо; | ||||
| 7 | Этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын сактоо; | ||||
| 8 | Этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүрүүчү төмөнкүдөй коштоочу документтер болгону зарыл: – товардык-транспорттук коштомо кагаз же эсеп-фактура; – этил спиртинин коопсуздуктун техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү; – жүктүн бажы декларациясынын көчүрмөсү (импорттолгон этил спирти, алкоголдуу жана спирттүү продукция үчүн); – этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымды төлөө. | ||||
| 9 | Чийки заттын жана даяр продукциянын кыймылын эсепке алуу журналынын болушу; | ||||
| 10 | Тамак-аш чийки затынан иштелип чыккан этил спиртин, тамак-аш эмес чийки заттан иштелип чыккан этил спиртин, ошондой эле мунайзаттарга кошумча катары арналган этил спиртин бир эле дарек боюнча, бир эле стационардык, кампа жайларында жана жабдууларда өндүрүүгө жана (же) сактоого тыюу салуу. | ||||
| 11 | “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу объекттерди жайгаштыруу орундарын аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү; | Кыргыз Республикасынын2023-жылдын8-августундагы № 168 “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын10-беренесинин 1-бөлүгү | |||
| Керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздук талаптарын камсыз кылуунун регламенттөөчү техникалык документтердин (техникалык жөнгө салуу жана метрология, өрт коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы документтердин) болушу; | |||||
| Дат баспаган болоттон жасалган резервуарлардын же ички бети эмаль менен капталган резервуарлардын болушу; | |||||
| Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча лицензияланган ишти жүзөгө ашырууда эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү өлчөөчү приборлор менен жабдылган калибрленген сыйымдуу жабдуунун болушу; | |||||
| Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, чийки заттын, көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатына химиялык жана технологиялык контроль жүргүзүү үчүн сыноочу лабораториянын болушу; | |||||
| Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү камсыз кылуу үчүн тараза жана өлчөө чарбасынын, басымды, температураны жана нымдуулукту өлчөөчү приборлордун, сыноочу лабораториянын приборлорунун жана аппараттарынын болушу; | |||||
| Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү менен видеобайкоо системасынын болушу; | |||||
| Өндүрүштү, чийки заттын, көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатын химиялык жана технологиялык контролдоону жүргүзүүгө аккредиттелген лаборатория менен келишимдин болушу; | |||||
| Продукцияны кабыл алууну, сактоону, берүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн гана багытталган кампа жайларынын болушу; | |||||
| Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн технологиялык жабдуулардын ушул өндүрүштөр үчүн мыйзамдардын талаптарына ылайык иштөөсүн камсыз кылуучу ысык жана муздак суу менен жабдуунун буу, муздак, электр менен жабдуунун, канализациянын жана желдетүүнүн стационардык коммуникацияларынын болушу; | |||||
| Техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык даяр продукцияны, өндүрүштүн кошумча продуктуларын, чийки заттарды, көмөкчү материалдарды, керектөө тараларын сактоо үчүн шарттардын болушу; | |||||
| Өндүрүштүн жана сыноочу лабораториянын ченөө каражаттары жана өлчөөлөрдү аткаруу методикасы менен метрологиялык камсыз кылуу; | |||||
| Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө иштегендердин эмгек шарттарынын санитардык-гигиеналык ченемдердин жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуучу атайын кийимдердин жана башка коргоочу каражаттардын болушу. | |||||
| Өндүрүүчү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген өндүрүш паспортунун болушу; | Кыргыз Республикасынын2023-жылдын8-августундагы № 168 “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын10-беренесинин 2-бөлүгү | ||||
| Санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген менчик укугундагы имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын менчик укугунда болушу; | |||||
| Этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүү боюнча брагоректификациялык түзүлүштүн жана анын өндүрүштүк кубаттуулуктун 50 пайызынан кем эмес өлчөмдө анын жүктөлүшүн камсыз кылуучу тиешелүү технологиялык жабдуунун болушу; | |||||
| Технологиялык процесстин жүрүшүндө пайда болуучу суюк барданы жана көмүр кычкыл газын өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн жабдуулардын менчик укугунда болушу; | |||||
| Сыноо лабораториясында хроматографиялык жабдуулардын болушу; | |||||
| Жабдуунун спецификациясы жана аларды жайгаштыруунун компановкалык пландары бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болушу; | |||||
| Этил спиртин өндүрүү үчүн чийки затты түздөн-түз жеке жана/же юридикалык жактардан - чийки затты даярдоочулардан сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу. |
Текшерүү жүргүзгөн кызматкер (кызматкерлер)
_____________________________ _________
(аты-жөнү) (колу)
_____________________________ _________
(аты-жөнү) (колу)
_____________________________ ________
(аты-жөнү) (колу)
Бир нусканы алдым,
текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштым
(макулмун/макул эмесмин) _________________
Субъекттин жооптуу адамы
____________ _______________________ _________
(кызмат орду) (аты-жөнү) (колу)
М.О. “____” _____________ 20____-ж.
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык
кызматынын 12 декабрь 2025-ж./г.№ 711
буйругуна 2-тиркеме
Лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү планын түзүү критерийлери
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт продукцияларын өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттерине карата лицензиялык текшерүү планын түзүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө тартибинин 152 жана 156-пункттарына, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 118-беренесинде белгиленген салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна, ошондой эле адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизүү ыктымалдыгын чагылдыруучу өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнө жараша аныкталат.
| № | Иштин түрлөрү | Өткөн жылы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү | Өткөн жылы аныкталган лицензиялык талаптарды бузуулардын саны | Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 118-беренесинде каралган салыкты төлөбөй коюу тобокелдигининфакторлорунун болушу |
| Тобокелдиктин жогорку даражасына кирген субъекттер | ||||
| 1 | Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү жылына бирден ашык эмес текшерүүдөн өткөрүлүүчү субъекттер | 50 000ден ашык дал | 2 же андан көп бузуулар | 2 же андан көп факторлор |
| Тобокелдиктин орто даражасына кирген субъекттер | ||||
| 2 | Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эки жылда бирден ашык эмес текшерүүдөн өткөрүлүүчү субъекттер | 20 000ден 50 000 далга чейин | 1 бузуу | 1 фактор |
| Тобокелдиктин төмөн даражасына кирген субъекттер | ||||
| 3 | Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү үч жылда бирден ашык эмес текшерүүдөн өткөрүлүүчү субъекттер | 20 000 далга чейин | Тобокелдик факторлорунун бири болгондо |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
12 декабрь 2025-ж./г.№ 711
буйругуна 3-тиркеме
2026-жылга лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү планы
| № | Аталышы жана ИСН | Текшерүү башталган ай | Лицензиянын номери жана датасы | Юридикалык дареги | Иш жүзүндөгү дареги | Мурунку пландуу текшерүүнүн аяктаган датасы |
| 1 | “Винап Алко” ЖЧК 01904200010098 | январь | № 003643,06.09.2019-ж. | Бишкек ш., Кольцевая к., 20 | Чүй обл., Аламүдүн р., Кайырма а., н/ж. | |
| 2 | “ОДЭКС” ЖЧК 00205201310273 | февраль | № 003677, 27.09.2019-ж. | Кара-Балта ш., Кожомбердиев к., 109 | Чуй обл., Кара-Балта ш., 40-лет Киргизии к., н/ж. | |
| 3 | “Абдыш-Ата” ЖЧК 03005200010100 | март | № 010592, 26.05.2024-ж. | Кант ш., Москва к., 7 | Кант ш., Москва к., 7 | |
| 4 | “Самвинтрест” ЖЧК 02501201210149 | апрель | № 000249, 26.12.2022-ж. | Бишкек ш., Ш. Баатыр к., 1 | Чүй обл., Аламүдүн р., Ленин а., Набережный к., 18 | |
| 5 | “Столичный винно-водочный завод” ЖЧК 01901201310105 | май | № 001465, 08.09.2017-ж. | Бишкек ш., Профсоюз к., 140/2 | Бишкек ш., Профсоюз к., 140/2 | |
| 6 | “Бишкек АлкоПром” ЖЧК 01907200210059 | июнь | № 017371, 20.10.2015-ж. | Бишкек ш., Каарман к., 42 | Бишкек ш., Каарман к., 42 | |
| 7 | “СТБ”ЛТД” ЖЧК 01201201310032 | июль | № 000332, 29.01.2019-ж. | Бишкек ш., 10-кичи р., 25-42, Горький к., 1/17 | Бишкек ш., Горький к. 1/17; Маевка а., Тепличная к., 4/1 | |
| “Арпа” ААК 02011199710142 | июль | № 0010590, 28.04.2014-ж. | Бишкек ш., Токтогул к., 256 | Бишкек ш., Токтогул к., 256 | ||
| 8 | “Кыргыз Шампаны” ЖЧК 01202200710210 | август | № 003727, 22.10.2019-ж. | Чүй обл., Сокулук р., Селекционное а., Проектируемая к., 157 | Чүй обл., Сокулук р., Селекционное а., Проектируемая к., 157 | |
| 9 | “Вайн Трейд” ЖЧК 00605201010111 | сентябрь | № 002787, 30.08.2018-ж. | Чүй обл., Лебединовка а., Лермонтов к., 1 «А» | Чүй обл., Лебединовка а., Лермонтов к., 1 «А» | |
| 10 | “Джал Винком” ЖЧК 01508202310144 | октябрь | № 006103, 12.04.2024-ж. | Чүй обл., Сокулук р., Жал а., Гагарин к., 40 | Чүй обл., Сокулук р., Жал а., Гагарин к., 40 | |
| 11 | “Кыргыз Коньягы” ЖЧК 00703200710334 | ноябрь | № 003418, 08.05.2019-ж. | Бишкек ш., Мурманс к., 250/1 | Бишкек ш., Мурманс к., 250/1 | |
| 12 | “Аталык Групп” ЖАК 01310200810066 | декабрь | № 001780, 02.11.2017-ж. | Чүй обл., Новопокровка а., Ленин к., 250 | Чүй обл., Новопокровка а., Ленин к., 250 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 168
- Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95
- Лицензиялык контроль жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) тартибиПорядок · 14.12.2023 · № 678