11-берене. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна, бул жааттагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына мамлекеттик контроль
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 2-глава
1. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна, бул жааттагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат.
2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматты берүү менен чийки затты жана даяр продукцияны эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын орнотуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
4. Этил спиртинин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукциянын коопсуздук талаптарын жана ылайык келишин баалоо жол-жоболорун камсыз кылуу Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112645/st-11" title="11-берене - Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>