9-берене. Курман болгон адамдардын балдарына социалдык кепилдиктер
Күчүндө · 20.07.2023 редакциясы · 2-глава
Курман болгон адамдардын балдарына төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санаториялык типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде кезексиз жана акысыз орундар менен камсыз кылуу;
2) кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн квоталарды берүү;
3) алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү;
4) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезекте алуу (бир жолу).
Берененин тексти 20.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112623/st-9" title="9-берене - 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>