8-берене. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул
Күчүндө · 20.07.2023 редакциясы · 2-глава
1. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул - 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар деп таанылган, жабыр тарткандарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча дайындалуучу ар айлык социалдык жөлөкпулдун түрү.
2. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
1) курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;
2) курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) - курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда пенсия курагына жеткенде - өмүр бою;
3) майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга - майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.
Кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 20.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112623/st-8" title="8-берене - 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>